Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Жапаров жогору жактагы коррупция жоюлганын, ортоңку-төмөнкү катмарда жоголбой жатканын айтты


Садыр Жапаров автобекетте тургундар менен жолугушуу учуру. 6-сентябрь, 2025-жыл.
Садыр Жапаров автобекетте тургундар менен жолугушуу учуру. 6-сентябрь, 2025-жыл.

6-сентябрда президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетти кыдырып көрүп, анын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөштүн айрым жагдайлары жөнүндө билдирүү жасады.

Мамлекет башчы жаңыланган объект менен таанышуу учурунда жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен да учурашты. Аксакалдардын бири автобекеттин жаңыланганына ыраазычылык билдирип, ошонун эле жанындагы оңдолуп жаткан бала бакча орто жолдо калып калганын угузду.

Президент бакчаны оңдоого 90 млн сомдой каражат жумшалганын айтып, “иштин артында тургандар жарымын жеп койгону” жөнүндө маалымат алганын, ал боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн, бакча бүткөрүлөрүн убада кылды. Аны улай эле Садыр Жапаров соңку жылдардагы коррупцияга каршы күрөштүн өйдө-төмөнүн атап өттү:

“Бөлүнбөй, жарылбай, тынчтык болуп турса эле жакшылыктар боло берет. Экономика көтөрүлөт, элдин жашоо-турмушу оңолот. Баарын бир жылда кылып коюу кыйын экен. Соңку жетишкендиктердин баары акыркы үч жылдагы жетишкендиктер. Жогору жактагы коррупцияны жок кылдык. Ортодон ылдый карай жоголбой жатат. Мына ушул эле бала бакча ошого мисал. Мен өз көзүм менен көрүп, тапшырма берейин деп атайын келдим. 90 миллион сомго оңдомок тургай, жаңы бала бакча салып койсо болот эле. Ушундай болуп атат, эми эмне кылалы? Криминал менен күрөшүү бизге жеңил болду. Бир жылда баарын тазалап койдук. Бирок беш жылдан бери коррупцияны тазалай албай жатабыз”, – деди президент.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы убадаларынын катарында коррупцияны жоюу да бар болгон. Анын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп, коррупцияга каршы катуу күрөш башталган. Алар ишке киришкен алгачкы жарым жылда коррупцияга каршы күрөштөн 6 млрд сом өндүрүлгөнүн билдиришкен. Жүздөгөн мүлк мамлекетке кайтарылып, ондогон киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров быйыл 31-майда Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин борбордук аппаратынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирген.

Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG