Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:32

"Ашар бирикмеси" коомдук фондунун негиздөөчүсү кайрадан алдамчылыкка шектелип кармалды


Алиакбар Каныбек уулу. Милиция тараткан сүрөт.
Алиакбар Каныбек уулу. Милиция тараткан сүрөт.

“Ашар бирикмеси” коомдук фондунун негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу кайрадан алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, райондук милициянын Тергөө кызматына Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Ашар бирикмеси” фондунун директоруна мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Даттануучу 2025-жылдын 6-январында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан фонддун кеңсесинде анын ишеничине кирип, "3 миллион сом акча каражатын турак жай алуу үчүн каржылап берем" деген алдоо жолу менен 183 миң 200 сомун алып, ушул күнгө чейин убадасын аткарбай жүргөнүн билдирген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 2000-жылы туулган Алиакбар Каныбек уулу кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

“Ашар бирикмеси” коомдук фондунун негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу быйыл апрелде да кармалган. Ал камактан качан чыкканы маалымдалган эмес.

Ошол маалдагы маалыматка караганда, Каныбек уулу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып, элдин акчасын алдамчылык жолу менен алып жүргөн. Алгачкы эле тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында 600дөн ашык адамдан 150 миллион сомго жакын акча чогултуп алгандыгы ырасталган.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдиргендей, Алиакбар Каныбек уулуна жалпы 11 кылмыш иши козголгон, кароодо 4 тергөөгө чейинки текшерүү материалдары бар. Соңку эсепте жогорудагы кылмыш иштери боюнча жабыркагандарга келтирилген чыгым жалпысынан 4 миллион 681 миң 200 сомду түзөрү белгиленди. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG