Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:59

Ош мэри жаңы башкы дарыгерге каршы чыккан стоматология поликлиникасынын жамаатын укту


Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин №2 стоматологиялык поликлиниканын жамааты менен жолугушуусу.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин №2 стоматологиялык поликлиниканын жамааты менен жолугушуусу.

Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев Ош шаардык балдардын №2 стоматологиялык поликлиникасында жаңы башкы дарыгердин дайындалышына каршы чыккан жамаат менен жолугуп, алардын жүйөлөрүн укту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, эки-үч күн мурун поликлиниканын жамааты аларга 65 жаштагы Талантбек Төрөкановдун башкы дарыгер болуп дайындалышына каршылык билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөтүшкөн. Ага 62 кызматкер кол койгон. Кайрылууда кызматкерлер Төрөканов 2004-2008-жылдары да аталган поликлиникада башкы дарыгер болуп иштегенин белгилеп, анда жамааттын ынтымагы бузулуп, соттошууга чейин жеткенин, иште кемчиликтер көп кеткенин жазышкан.

Токторбаев кызматкерлердин бул жана башка жүйөлөрүн укту. Андан соң Саламаттык сактоо министрлиги дайындаган Талантбек Төрөкановдун да маалыматын укту. Ал медицина тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенгенин, 2022-жылы президенттин колунан “Эмгек сиңирген дарыгер” наамын алганын, кийин кадрлар резерви аркылуу кызматка келгенин билдирди.

Калаа мэри мындан кийин кызматкерлер арасында жашыруун добуш берүү уюштурду. Анда бул күнү жумушта болгон кызматкерлердин ичинен 26сы башкы дарыгердин иштөөсүнө каршы, 6 макул, 4 калыс добуш беришти.

Жеңишбек Токторбаев жабык добуш берүүнүн жыйынтыгын тиешелүү жогорку бийлик өкүлдөрүнө жамааттын пикири катары билдирерин, ага ылайык чечим кабыл алынарын айтып, жамаатты ынтымакта иштөөгө чакырды. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG