Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Трамп Индия менен Орусия Кытайдын таасирине өткөнүн жазды


Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын лидери Си Цзинпин.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын лидери Си Цзинпин.

АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Truth Social социалдык тармагына Кытай, Индия жана Орусия лидерлеринин сүрөтүн жарыялап, Индия менен Орусия Кытайдын таасирине өткөнүн жазды.

"Кытайдын терең жана караңгы таасирине өткөн Индия менен Орусияны жоготтук окшойт. Аларга узак жана өнүгүү жолундагы биргелешкен келечек каалайм!", — деди Трамп.

Трамп бөлүшкөн сүрөт 1-сентябрда Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде тартылган. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын лидери Си Цзинпин тартылган.

Буга чейин АКШ лидери ШКУдан кийин Бээжинде өткөрүлгөн аскердик парадга реакция жасап, Си Цзинпинге жолдогон кайрылуусунда "Силер Америка Кошмо Штаттарына каршы кутум уюштуруп жаткан чакта Владимир Путин менен Ким Чен Ынга менден ысык салам айтып коюңуз", - деген.

Эл аралык маалымат каражаттары Трамп менен Модинин ортосундагы пикир келишпестик тууралуу жазып, индиялык өкмөт башчы Вашингтондун чалууларына жооп бербей калганын билдиришкен. АКШ жакында Индияга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизген. Анын ичинде өлкөнүн орус мунайын сатып алуусуна байланыштуу чаралар болгон.

1-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында жалпысынан 20дан ашуун лидер чогулду. Бул ири саясий иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жапониянын жеңилишинин 80 жылдыгына карата уюштурулду. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Иран жана Беларус лидерлери, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф катышты. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG