Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Орусия Финляндия менен чек арасын бекемдөөгө киришет


Финляндиянын Орусия менен чек арасы. Сүрөт 2023-жылы тартылган.
Финляндиянын Орусия менен чек арасы. Сүрөт 2023-жылы тартылган.

Орусия Финляндия менен чек арасына фортификациялык (бекемдөө) курулуштарды орното баштайт. Бул тууралуу 5-сентябрда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев билдирди.

Мындай тапшырманы орус президенти Владимир Путин бергенин ал чек арадагы Светогорск шаарынын аймагында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө бекетине барганда айтты:

"Биз жаңы эле Финляндия менен чек арадагы тилкеге барып келдик. Ал жердеги жагдайды аскердик активдүүлүк деп атабасак дагы ар кандай дубалдар, тосмолор көп курулуп жатыптыр. Биз мамлекеттик чек арабыздын коопсуздугун бекемдешибиз зарыл".

Медведев Финляндиянын НАТОго мүчө болушу Орусиянын чек ара коопсуздугуна байланыштуу саясатын өзгөртүүгө алып келип жатканын кошумчалады.

Орусия 2022-жылы коңшусу Украинага кол салгандан кийин анын түндүк-батыштагы коңшусу, өз коопсуздугуна тынчсызданган Финляндия Түндүк Атлантика альянсына мүчө болуу өтүнүчү менен кайрылган. 2023-жылдын апрелинен бери ал НАТОнун мүчөсү.

Быйыл 1-сентябрдан тартып Финляндиянын Орусия менен чек арасынан 140 чакырым аралыктагы Миккели шаарында НАТОнун Түндүк Европадагы жөө аскерлеринин командачылыгынын жаңы штабы иштей баштады. Бул НАТОнун Орусиянын аймагына эң жакын жайгашкан штабы болууда.

Финляндиянын Орусия менен чек арасынын жалпы узундугу 1271,8 чакырымды түзөт. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG