Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Тажикстандын төрт жараны Мавританиядан кайтарылды


Грузияда кармалган тажик жараны. Иллюстрациялык сүрөт.
Грузияда кармалган тажик жараны. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын бийлиги Түркиянын атайын кызматы менен биргеликте төрт тажик жаранын алыскы Мавританияда адам сатуучулардан аман-эсен куткарып алганы кабарланды. Быйыл жыл башында болгон окуяны тажик өкмөтү эми жарыялады.

Африканын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Мавритания ислам республикасына тажикстандыктар өзүлөрүн диний аалымдар деп тааныштырган адамдарга алданып барып калышкан. Расмий Душанбе тараткан маалыматка ылайык, атайын операциянын натыйжасында эки шектүү кармалып, тузакка түшкөн төрт жаран үйлөрүнө кайтарылды.

Маалыматта куткарылган жарандардын ысымдары көргөзүлгөн эмес, алар чет мамлекетте жумуш беребиз деген адамдарга алданып калганы гана айтылат. Тажик өкмөтү алыскы өлкөлөрдө жумуш сунуштаган адамдардан сак болууга үндөгөн кампания уюштурууда.

Буга чейин тажикстандыктар Орусия, араб өлкөлөрүнө сатылып кеткен учурлар катталганы, Мавританияда кулчулукка кабылгандар алгачкы ирет болгону айтылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG