Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

"Эндик казгандар азайбай жатат". Үч кыргыз жараны Өзбекстанда камакта, дагы экөөнүн өмүрү кыйылды


Чаткал аймагы.
Чаткал аймагы.

Расмий Ташкент өзбек чек арачылары ок чыгарып, эки кыргызстандык каза тапкан окуя боюнча түшүндүрмө берди. Анда кыргыз жарандары чек ара сызыгынан мыйзамсыз өтүп, эскертүүгө карабай качып кетүүгө аракет кылганы, аскерлер ок чыгарууга акыркы чара катары барганы айтылды.

Августтун орто ченинде болгон окуя өткөн аптада гана ачыкка чыкты. Кыргызстандын Чаткал районундагы Өзбекстан менен чек арада болгон окуяда эки жергиликтүү тургун каза тапкан. Андан сырткары үч кыргыз жараны Өзбекстанда камакта жатканы айтылууда. Бул маалыматты Чек ара кызматы тастыктай элек.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын 28 жаштагы жана 22 жаштагы тургундары Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болгон окуя боюнча расмий Ташкент түшүндүрмө берди. Өзбекстандын чек ара мекемеси 4-сентябрда маалымат таратып, окуя Ташкент облусунун Бостанлык районунун аймагында катталып, чек арадан мыйзамсыз өткөндөр эскертүүгө баш ийбей качканын билдирди:

"Чек арачылар өз ыйгарым укуктарынын чегинде аларды токтотууга буйрук беришкен, бирок чек араны бузгандар качып кетүүгө аракет кылышкан. Ошондуктан, Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларды токтотуу үчүн асманга бир нече жолу эскертүүчү ок атылган".

Бул убакка чейин маркумдардын жакындары жана айылдаштары алар мал издеп чыгып кеткенин, коңшу өлкөнүн аймагына байкабай кирип кетиши ыктымал экенин айтышкан.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев “Азаттыкка” комментарий берип, коңшу өлкө менен чектешкен кырка тоолордон жарандар атайын өткөнүн айтты:

"Эми ал жерге барганга болбойт. Негизи бара турган болсо эки-үч күндөп араң жетесиң. Чек ара тоо кыркалары менен белгилүү. Ал жерден ат менен араң ашып өтөсүң, кээ бир жерлеринен ашып өтө албайсың. Ал жерлер 3500-4000 метр бийиктиктеги аскалар. Ал жерден мындай эле өтүп кетиш мүмкүн эмес. Мал жандык да ашып өтө албайт”.

Райондун акими жергиликтүүлөр арасында эндик чөбүнүн тамырын казгандар көп болуп жатканын айтып, аларга тынбай түшүндүүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:

"Негизи эндик чөбүнүн тамырын казгандар азайбай жатат. Кайсыл жерде казылбаган болсо, ошол тарапка барышат. Менимче, Өзбекстан тарапта казылбаган жерлер көп окшойт. Муну Бишкекке алып кетет экен, бир килограммы 900 сомдон 1300 сомго чейин экен деп угуп жатабыз. 10 килограмм казган болсо анда 10 миң сом болот. Пайда көрөм деп ушундай болду деп ата-энелери, жакындары ыйлап олтурат".

Чаткал районунун тургуну Өмүрбек Абдыкалыков акыркы убактарда эндиктин тамырын казган жарандар көбөйүп, коңшу өлкөнүн аймагына чейин кирип кетип жатышканын айтууда. Ал өзбек чек арачыларынын огунан каза болгон эки кишиден сырткары дагы үч кыргыз жараны Өзбекстанда камакта жатканын билдирди. Бирок кыргыз расмийлери бул маалыматтын чын-төгүнүн айта элек.

"Эндик чөбүн 4,5 жылдан бери эле сатып жатышат. Ушунча убакыттын ичинде район аймагындагы өсүмдүктү казып жок кылып коюшту. Биз Өзбекстан менен чектешпиз да. Өзүбүздөгүнү казып бүтүп, коңшу өлкөлөргө өтүп кетип жатышат. Негизи эл коңшу өлкөнүн чек арасы экенин билет, болгону акча тапканга кызыгып эле өтүп кетип жатышат", - деди Абдыкалыков.

Каза болгон эки кыргызстандыктан тышкары азыркы тапта өзбек күч кызматкерлеринин колунда дагы үч кыргыз жараны кармалып турганын "Азаттыкка" өзүн Нургиза Наркул кызы деп тааныштырган келин айтып берди.

Анын билдиришинче, чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен деген айып менен күйөөсү 28-июлдан бери коңшу өлкөдө камакта жатат. Келиндин айтымында, эндик өсүмдүгүнүн тамырын казуу үчүн беш киши кеткен, экөө качып келе берген, үчөө кармалып калган:

"Менин жолдошум жалпы беш киши болуп 24-июлда эндик чөбүнүн тамырын казуу үчүн кеткен. Биз жашаган Ак-Таш айылы чек арага жакын. Менин угушума караганда, эч кандай белгилер коюлбаптыр. Булар талаага чыгып терип жүрүп ошол тарапка (Өзбекстанга) өтүп кетишиптир. Экөө кандайдыр бир жолдор менен качып келе беришкен, үчөө кармалып калган".

Нургиза күйөөсү кармалгандан бери жеке өзү менен байланыша албаганын, жактоочу аркылуу гана абалын сурап жатканын айтып, айылдагы жумушсуздуктун айынан, айлык акынын аздыгынан жолдошу ушул жумушка барганын белгиледи. Учурда төрт кичине баласы менен жалгыз калган келин:

"Элдин баары барып жатат, мен деле барып келем деп биринчи жолу кетип ушундай болуп олтурат", - деп кошумчалады.

Чаткал – Жалал-Абад облусунун түндүк батышында жайгашып, Өзбекстандын Ташкент облусунун аймагы менен чектешкен район. Чек ара сызыгы негизинен тоолуу аймактар менен өткөндүктөн зым тартылган эмес. Бирок чек ара бар экенин көрсөткөн белгилер орнотулган.

Жергиликтүү эл чек ара сызыгы кайсыл жерден өтөрүн жатка билиши керек экенин чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов айтууда:

Саламат Аламанов
Саламат Аламанов

"Бул окуя Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан республикаларынын чек арасы тогошкон жерде болду деп жатышпайбы. Ал жерлерде белгилер, чек ара мамылары бар да. Буларды жергиликтүү эл божомолдоп билиш керек. Ал жердеги чек арачылар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүп айтып бериши зарыл".

Чаткалда эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, адам өмүрүнөн айрылган окуя биринчи жолу катталып жаткан жок. Былтыр октябрда тоого кеткен 14 киши дайынсыз жоголгон. Кийин алардын сегизи аман-эсен табылып, калган алтоо кар көчкүнүн алдында калганы белгилүү болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, алардын сөөгүн жакындарына өткөрүп беришкен.

Ал эми соңку окуяда мерт кеткен эки жарандын өлүмүнүн чоо-жайын эки өлкөнүн чек ара мекемелери биргелешип иликтей турганы айтылды, азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG