Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Газа: Трамп ок атууну токтотуу боюнча жаңы сунушун киргизди


Газа шаары. 5-сентябрь 2025-жыл.
Газа шаары. 5-сентябрь 2025-жыл.

Израилдин армиясы Газа шаарын бомбалоону улантып жатат. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху аскерлер калаадагы операциясын кеңейтип жатканын билдирди. Маалыматтарга караганда, Вашингтон АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна ок атууну токтотуу боюнча жаңы сунушун берди.

8-сентябрга оогон түнкү соккудан, жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемеси маалымдагандай, бери дегенде төрт киши, арасында жашы жете элек бир кыз каза тапты.

Газанын тургуну Мариям Абу Жабал аткылоону мындайча сүрөттөдү:

"Түн ортосу болчу, биз жаталы деп атканбыз, бирок катуу бомбалоодон улам уктай албай койдук. Биз тилкенин түндүк тарабынан жер которуп келгенбиз. Газанын чыгышына, гуманитардык коопсуз чөлкөмгө баргыла деп айтышкан. Балдарыбызды жетелеп алып келгенбиз. Карасаңар, эптеп курсагын тойгузуш үчүн буурчак терип жүрүшөт".

Жекшембиден бери палестин анклавынын жер-жеринде 62 киши набыт болгону кабарланды, эң көп жоготууларга тилкенин түндүк тарабы жана Газа шаары учурады. Бул тууралуу анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, Газа шаарында качкындар башкалкалаган мектепке дүрмөт тийгенде төрт аял менен төрт наристе мүрт кетти.

Өткөн айда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) миңдеген качкын башкалкалаган Газа шаарына жерден чабуул баштап, аскерлер калаанын борборуна жакындап калды. Дем алышта карапайым элге көп кабаттуу имараттан көчүү көрсөтмөсү берилген. ЦАХАЛ бомбалоонун алдында ал жерди жоочулар пайдаланганын айтканы менен далилдерди келтирген жок.

Жекшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерлер Газа шаарындагы операциясын кеңейтип жана тереңдетип жатканын билдирди:

"Террорчулардын инфраструктурасын талкалап, террорчулардыкы деген мунараларды жок кылуудабыз. Газанын карапайым эли коопсуз жерлерге көчүп кетсин, ал жактан гуманитардык жардам алсын деген максатта дагы бир гуманитардык тилке түздүк. Ушу тапта калаадан 100 миңге чукул киши чыгып кетти. ХАМАС аларды тирүү калкан кылып колдонуу үчүн элге тоскоолдук түзүүдө".

АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу Израилдин айыптоосун четке кагууда.

Эки жылга аяк баскан жаңжалды жөнгө салуу аракеттеринен майнап чыкпай келатат.

7-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Газа боюнча келишимге жетишилерин айтып, бирок анын чоо-жайына токтолгон жок:

"Бул абдан олуттуу маселе. Аны Жакынкы Чыгыш, Израил, бардыгы үчүн чечүүнү каалайбыз, жаңжалды жөнгө салабыз. Алар барымтада адамдарды кармап жатышат. 20дан азыраак киши болушу мүмкүн, себеби каза тапкандар бар... 38ге жакын сөөк болушу ыктымал".

Ишембиде израилдик N12 News телеканалы Трамп ХАМАСка ок атууну токтотуу тууралуу жаңы сунушун бергенин кабарлады. Ага ылайык, жарашуунун биринчи күнүндө радикал топ 48 кишини барымтадан кайтарат. Бул үчүн Израилдин түрмөлөрүнөн миңдеген палестиналык туткун чыгарылат жана анклавда ок атпоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Дүйшөмбүдө Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес Израилге курал ташып бараткан кемелер менен учактарга испаниялык портторго кирүүгө жана аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салынарын жарыялады. Өлкө ошондой эле палестин автономиясына жана БУУнун палестин качкындарына жардам берген агенттигине көмөгүн көбөйтмөкчү.

Санчес “геноцидге” катышкан кишилерге Испанияга кирүүгө уруксат берилбесин кошумчалады. Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар испан премьери коомчулуктун көңүлүн ички коррупциялык жаңжалдардан алагды кылууну көздөйт деп Санчести "антисемитизм" үчүн айыптады.

Ал арада Испаниянын Барселона шаарынан Газа көздөй жолго чыккан гуманитардык кемелердин кербенин Тунисте тосуп алышты.

Палестиначыл миссияга 44 өлкөнүн өкүлдөрү кирет. Аны баштаган активист "Грета Тунбергдин флотилиясы" июндун башында Газанын блокадасынан өтүүгө аракеттенген, бирок максатына жетпей калган. Активисттерди Израилге жеткирип, кийин депортациялашкан.

Израилдин бийлиги Газага азык-түлүктүн чакан партиясын жеткирүү аракетин пиар деп сыпаттаган. Расмий Тел-Авив ошондой эле БУУнун жана башка топтордун тилкенин жашоочулары ачка калып, гуманитардык кризис өкүм сүрүүдө деген айыптоолорун четке кагууда.

Газанын тургуну: "Тогуз же он жолу жер котордум"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG