Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Иерусалимдеги чабуулдан алты киши, Газадагы ок атуудан 20дан ашуун адам каза тапты


Иерусалимде чабуул болгон автобус. 8-сентябрь, 2025-жыл.
Иерусалимде чабуул болгон автобус. 8-сентябрь, 2025-жыл.

Иерусалимдин түндүк тарабында жүргүнчүлөрдү ташыган автобуска атылган октон кеминде 20дай киши жабыр тартты, алты киши ошол жерде мерт болду. Күбөлөрдүн айтымында, киши ташыган автобус токтоп турганда эки куралчан адам ок ачкан. Ал экөө ошол жерде Израил аскерлеринин огунан набыт болушту.

Окуя болгон жерге Израилдин жетекчилери барышты. Кол салгандар Иордан дарыясынын батыш жээгинде жашаган палестиндер экени, алардын Израилде жашаганга уруксаты жок экени кабарланды. Чабуулдан улам бул аймактан Израилге кирип-чыгуу пункттары убактылуу жабылды.

Газа тилкесинде дүйшөмбүгө караган түнү Израил армиясынын кеңири аба чабуулдары, ракеталык соккуларынан өлгөндөрдүн саны 20дан ашты. Дем алыш күндөрү Палестина аймагындагы чабуулдардан ондогон имарат талкаланып, жаракаланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG