Польша 11-сентябрь түндөн тарта Беларус менен чек арасын толук жабат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, мындай чечим автожол жана жөө өтмөктөргө эле эмес, темир жол каттамдарына да тиешелүү болот.
Туск буга 12-сентябрда Польшанын чек арасына жакын аймактарда өтө турган Орусия менен Беларустун биргелешкен «Запад-2025» аскердик машыгууларын себеп кылды. Ал бул машыгууларды «агрессивдүү» деп атап, ал "Сувалки" коридорун басып алууга багытталганын белгиледи.
«Ошондуктан мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо максатында бейшембиден жумага караган түнү Беларус менен чек араны жабабыз», — деди Туск.
Узундугу 100 чакырымдан бир аз ашуун жана “Сувалки коридору” деп аталган бул аймак Орусиянын Калининград облусу менен Беларустун ортосунда жайгашкан. НАТОнун Балтика боюндагы мүчөлөрүндө Орусия “Сувалки коридорун” ээлеп алышы мүмкүн деген алгачкы кооптонуу 2014-жылы Орусия Крымды Украинадан аннексиялап алгандан кийин жаралган эле.
Орусия менен Беларустун «Запад-2025» машыгуулары 12–16-сентябрда өтөт. Эки өлкөнүн бийлиги машыгуу «Союздук мамлекетти коргоо үчүн зарыл аракеттерди» камтый турганын билдирген. Аларга 13 миңден ашуун аскер катышары кабарланды.
Украин аскерий аналитиктери Орусия Украинага кол салуусунун алдында да ушундай «окууларды» шылтоо кылып, Беларус менен биргелешкен машыгуулар өткөргөнүн эскертишти. (AiA)
Шерине