Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Пакистанда сел каптаган аймактан бир күндө 122 миң адам эвакуацияланды


Пакистан.
Пакистан.

Пакистанда аскер кызматкерлеринин жардамы менен өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Жалалпур-Пирвала шаарынан бир түндө 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Сел үйлөрдү каптап, айдоо аянттарын жууп кеткенден кийин калктын көбү күндүн аптабында чатырларда же ачык жерде баш калкалоого аргасыз болушту. Бул тууралуу AP агенттиги жазды.

Пенжаб провинциясынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башкы директору Ирфан Али Кахтиянын айтымында, акыркы 24 саатта Жалалпур-Пирваладан 122 миңден ашык киши коопсуз жерге чыгарылды. Айрымдары туугандарынын үйүнө барса, башкалары убактылуу жайгаштыруу лагерлеринде жашап жатат.

Сел жүргөн аймактарда тургундарга жардам жетпей жатканы маалым болду. Өкмөт куткаруу жана жардам берүү иштери бир убакта жүрүп, кырсык болгон аймактарга азык-түлүк жана керектүү товарлар жүктөлгөн автоунаалар тынымсыз жиберилип жатканын билдирди.

Өткөн айдан бери Индиядагы суу сактагычтардан суунун агып чыгышы жана катуу жаан-чачын Пакистандын Пенжаб провинциясындагы 2,2 миллион адамды үйүн таштап чыгууга мажбур кылды.

Расмий маалыматка ылайык, суу ташкындары башталгандан бери кеминде 61 адам каза болду. Быйылкы суу ташкындары Пенжаб провинциясынын 4100 айылындагы 4,1 миллионго жакын адамдын жашоосуна кесепетин тийгизди. Адистер кырдаал оор бойдон калып жатканын жана сезондук жаан-чачын сентябрга чейин уланарын эскертүүдө. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG