Кыргызстандын 14 миң 600 жараны гана Орусияда жүрүү үчүн укуктук макамын мыйзамдаштырып, "кара тизмеден" чыкты. Алардын 8 миңдейи Москва аймагында жашагандар. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
Ал чет элдик жана жарандыгы жок адамдардын Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздерин аныктап, укуктук абалын жөнгө салууга берилген мөөнөт аяктаганын айтты.
ИИМдин расмий өкүлү буга чейин миграциялык бөлүмдөрдө кошумча терезелер ачылып, калк менен иштөө үчүн өзүнчө график түзүлүп, консулдуктар менен биргеликте иш жүргөнүн белгиледи. Волктун айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн катышуусунда иш-чаралар өткөн.
Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Бакыт Асаналиевдин 5-сентябрда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 85 миң кишини түзгөн. Ал реестрдеги жарандардын саны улам өзгөрүп турарын, август айынын соңунда бул тизмеге кирген жарандардын саны 98 миңге жеткенин кошумчалаган.
Буга чейин Асаналиев реестрге кирген жарандардын 30 пайызы каттоодон өтпөгөндөр, манжа изин тапшырбагандар, медкароодон өтпөгөн балдар экенин билдирген.
Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу. Укуктук абалын жөнгө салбаган мигранттар 10-сентябрдан тартып өлкөдөн чыгарылат.
Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Жыл башынан бери Орусиядан 3748 кыргызстандык чыгарылып, дагы 292и депортация болгон.
Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына караганда, Орусиянын аймагында 377 миңден ашуун кыргыз жараны миграциялык каттоодо турган.(КЕ)