Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Мамдума мигранттардын жакындарына Орусияга кирүүгө тыюу салууну сунуштады


Сергей Миронов.
Сергей Миронов.

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы «Справедливая Россия — За правду» фракциясынын депутаттары фракция лидери Сергей Мироновдун жетекчилиги астында эмгек мигранттарына үй-бүлөсүн Орусияга алып келүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Долбоордун авторлору мигранттардын үй-бүлөлөрү өлкөдө жашаган учурда мамлекеттин социалдык инфраструктурасына, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасына чоң жүк келтирет деп негиздешкен. Алардын айтымында, мындай чектөө киргизилсе миграция агымы «15–20 пайызга» кыскарат.

Мыйзам долбоорунун Беларустан келген мигранттарга жана «жогорку квалификациялуу чет элдик адистерге» тиешеси жок.

Документ Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мыйзамдар базасында жарыяланды.

Соңку жылдары Орусияда эмгек мигранттарын жана алардын жакындарын чектеген бир топ мыйзам, эрежелер ишке кирди.

Быйыл 5-февралда Орусияда миграциялык жаңы укуктук режим киргизилген. Ага ылайык, өлкөдө жашоого жана жүрүүгө мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары жана соттор чет элдик жарандарды айрым укук бузуулар үчүн депортациялоого укуктуу.

Учурда бул өлкөдө мыйзам бузган же атайын реестрге түшкөн 800 миңдей чет элдик жаран чыгып кете элек. Алардын ичинде 80-90 миңдей кыргызстандык да “кара тизмеде” кала берүүдө. Орусия бийлиги аларды 10-сентябрдан кийин депортация кыларын эскерткен. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG