9-сентябрда Украинанын Донецк облусунун Яровая кыштагында Орусиянын соккусунан каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу Донецк облустук администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Мындан тышкары, анын айтымында, 18 адам жаракат алды, үчөнүн абалы оор.
«Орусия пенсия берилип жаткан учурда жай тургундарды бутага алды. Бул аскердик аракет эмес, бул террорчулук. Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар, дарыгерлер, полиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштеп жатат», — деп жазды Филашкин.
Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский шейшембиге караган түнү орус армиясы абадан жапырт чабуул койгонун, алардын 23ү он аймакта максатына жеткенин билдирген. Запорожье облусунун жетекчилери бул түнү аймакка 474 сокку урулганын, эки дрон менчик үйлөргө тийип, бир аял каза таап, дагы бирөө жараат алганын, көпчүлүк үйлөр согуштан улам бош турганын кабарлашкан.
Орусия соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек.
Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт. (AiA)
Шерине