Еврокомиссия төрайымы Израилге каршы санкциялар сунушталарын айтты

Урсула фон дер Ляйен.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Газадагы согуштан улам Израил менен соода алакасын жарым-жартылай токтотуп, санкция киргизүү маселесин сунуштарын билдирди. Бул тууралуу ал 10-сентябрда комиссиянын иши боюнча баяндама жасап жатып айтты.

Фон дер Ляйендин маалымдашынча, комиссия келерки айда палестиндерге донорлук кылуучулардын тобун түзөт, топтун мүчөлөрүнүн айрымдары Газаны келечекте калыбына келтирүүгө катышат.

Газадагы балдардын жана жайкын тургундардын көрүп жаткан азабы "бүткүл дүйнөнүн абийирин козгогонун" белгилеп ал:

"Атайылап ачарчылык жаратуу эч убакта согуш ыкмасы болгон эмес. Балдар үчүн, адамзат үчүн мунун баары токтошу керек", - деди.

Европа Биримдигинне мүчө 27 өлкөнүн арасында Израил жана палестиндер маселеси боюнча пикир бир кылка эмес. Андыктан, талдоочулар белгилегендей, бул сунуш көпчүлүктүн колдоосун табабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Израил 2023-жылдын октябрында Газа тараптан ХАМАСтын (АКШ жана Евробиримдик террордук топ деп жарыялаган) кандуу кол салуусуна кабылганын жарыялап, ага каршы согуш баштаган. Ошондон бери, Газанын ХАМАС башкарган саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 64 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (RK)

Дагы караңыз

Орусия: Кыргызстандын 14 миңден ашуун жараны укуктук макамын мыйзамдаштырды"Балаң миграция мыйзамын бузду". Москвада кыргызстандык кызды аэропорттон өткөрбөй коюштуКелерки жылга ажылык сапарга каттоо 23-сентябрда башталатМамдума: Мигранттардын жакындарына Орусияга кирүүгө тыюу салуу сунушталды