11-сентябрдын аба ырайы: Ысык-Көлдөн башка аймактарда жаан жаабайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14...19, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Дагы караңыз

Орусия: Кыргызстандын 14 миңден ашуун жараны укуктук макамын мыйзамдаштырдыЕврокомиссия төрайымы Израилге каршы санкциялар сунушталарын айттыКелерки жылга ажылык сапарга каттоо 23-сентябрда башталатМамдума: Мигранттардын жакындарына Орусияга кирүүгө тыюу салуу сунушталды