Францияда окуу жайдагы кол салууда эки киши жараат алды

Аррас шаарындагы мектепте болгон кол салуудан кийин. Франция. 13-октябрь, 2023-жыл. Архив

Франциянын түштүгүндөгү Антиб шаарында бир киши коллеждин 52 жаштагы мугалимине жана 16 жаштагы окуучуга бычак менен кол салды. Полициянын маалыматына караганда, окутуучу оор жаракат алды, экөөнүн тең өмүрүнө коркунуч жаралган жок.

Франциянын окуу жайларында акыркы жылдарда бир нече кол салуу катталган.

Өткөн жумада Марселдин жанындагы мектепте бир мугалим кесиптешинен бычак жеп жарадар болгон.

Июнда Ножан шаарында 14 жаштагы өспүрүм мугалимдин жардамчысын бычактап салган.

AFP агенттиги соңку окуяга байланыштуу француз Билим берүү министрлиги комментарий бере электигин жазды.

Дагы караңыз

Камбар-Ата-1 ГЭСи жарака үстүнө курулуп жатабы? Башкы сейсмологдун билдирүүсү талкууда НАТО: Орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузган