АКШда Дональд Трамптын тарапташы Чарли Кирк киши колдуу болду

Чарли Кирк.

10-сентябрда Юта штатынын Орем шаарындагы Юта өрөөнүндөгү университетте өткөн иш-чарада жарандык активист, Turning Point USA консервативдик студенттик уюмунун негиздөөчүсү Чарли Кирк киши колдуу болду.

Мойнуна ок тийген Чарли Кирк оор абалда ооруканага жеткирилген жана кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп ал каза болгонун жарыялады.

Юта өрөөнүндөгү университеттин өкүлү Reuters агенттигине Чарли Киркке ок билим берүү мекемесине жакын жайгашкан имараттан атылганын билдирди. Алгач ок аткан адам дароо кармалганы кабарланып, кайра башка адам колго түшкөнү тууралуу маалымат тарады.


Социалдык тармактарда тараган видеодон Чарли Кирк бир топ адам чогулган жерде үстөлгө отуруп сүйлөп жатканы, ок атылып, андан кийин мойнун кармап кулап калганын көрүүгө болот.

31 жаштагы Чарли Кирк 2024-жылы ноябрда өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трампка жаштардын колдоосун тартууда маанилүү роль ойногон. Анын өлкө боюнча коллеждердин кампустарында өткөргөн иш-чараларына көп адам келип турган.

Чарли Кирктин X баракчасында 5,2 миллион катталуучусу бар. Ал популярдуу “Чарли Кирк шоу” аттуу подкаст жана радио программанын алып баруучусу болчу. Жакында эле Fox News телеканалында “Fox & Friends” программасын да алып барган.

Чарли Кирк президент Дональд Трампты колдогон көрүнүктүү консерваторлордун бири болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Пугачёва согуш башталгандан кийин Орусиядан кантип чыгып кеткенин айтып бердиНАТО: Орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузганТокторбаев Мырзакматовдун жерине байланыштуу соттошуулар башталганын билдирдиФранцияда жапырт нааразылык акцияларында 200дөй киши кармалдыПарламент Жалал-Абаддын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдоду