Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Пугачёва согуш башталгандан кийин Орусиядан кантип чыгып кеткенин айтып берди


Алла Пугачёва жана Максим Галкин. Архив
Алла Пугачёва жана Максим Галкин. Архив

Белгилүү ырчы Алла Пугачёва Орусия Украинага басып киргенден кийин мекенинен кантип чыгып кеткенин блогер Катерина Гордеевага айтып берди. Согуш башталгандан бери ал биринчи жолу чоң интервью берди.

Пугачёванын айтымында, 2022-жылдын сентябрында аны достору аркылуу президенттин администрациясынын жетекчи орун басары Сергей Кириенко менен жолугушууга чакырышкан. Аткаминер ырчынын өлкөдөн кетүү ниети бар-жогуна кызыккан.

Эки күндөн кийин Пугачёванын күйөөсү, куудул Максим Галкин Орусияда «чет элдик агент» деп жарыяланган. Балдарын мектепте «тыңчылардын балдары» деп шылдыңдай башташканда ырчы Орусиядан кетүүнү чечкенин айтты.

«Чемодандарыбызды чогултуп, чек арадан алып чыгууга уруксат берилген 30 миң доллар менен Израилге кеттик. Ошондо аябай ичим ачышты», - деп айткан артист аны иш жүзүндө өлкөдөн «чыгарып салышты» деп эсептейт.

Орусиянын Украинага каршы агрессиясына токтолуп, Пугачёва: «Согуш кимге жаксын? Менимче, эч кимге. Анын үстүнө бир тууган эл менен уруш жүрүүдө», - деп айтты.

Ал өзүн ар дайым согуш баштоо чоң ката деп эсептеген адам деп сүрөттөйт.


Шерине

XS
SM
MD
LG