Депутат Бекешев коррупцияга каршы күрөштө журналисттер менен кызматташуу керектигин айтты

Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев коррупциялык схемалардын бетин ачкан журналист, жарандык активисттерди камабай, алар менен иштешип, жемкорлукту токтотуу керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 11-сентябрда парламентте “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда айтты.

“Биздин чиновниктердин тагынган сааттары Hublot, Rolex, Audemars Piguet. Булардын баасы өтө кымбат. Айдаган машинелери Lexus 600, Toyota Land Cruiser 300, Maybach жана башка кымбат автоунаалар. Өтө кымбат ресторандарга барышат. Бирок декларациясын карасаң айлыкка эле жашайт. Бизнес, завод эч нерсеси жок. Муну коррупциялык жүрүм-турум дейт”, - деди депутат.

Мыйзам долбоору боюнча парламентте баяндама жасаган башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева документте коррупция болгондон кийин гана кылмыш ишин козгобой, аны алдын ала турган беренелер киргизилгенин айтты.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы алты айында Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен 278 кылмыш иши козголгон. Өлкөдө журналисттер коррупциялык иштерди иликтеп, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр кармалып, жоопко тартылган окуялар болгон.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кыргызстандын мыйзамдарында мамлекеттик, саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын кирешеси, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат. Бирок буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлкүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын пикир жараткан. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК казакстандык дагы бир ишкерге издөө жарыяладыПольшада Орусиянын дрону кулаган 16 жер аныкталдыЖогорку Кеңеште депутат Көкүлов менен төрага кайым айтыштыАКШда Дональд Трамптын тарапташы Чарли Кирк киши колдуу болдуТИМ "кара тизмедеги" мигранттар Орусиядан чыгарыларын эскерттиФранцияда жапырт нааразылык акцияларында 200дөй киши кармалды