Аба ырайы: 12-сентябрда күн ачык болот

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Кыргызстандын аймагында 12-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Баткен облусунда ​түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14...19, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 29…31° жылуу болот.

Дагы караңыз

Шаардык сотто журналист Мамыркулованын иши боюнча отурум болдуИИМдин өкүлү Бишкекте жол тыгыны кескин азайды деп эсептейт Экс-депутат Айжигитов алгачкы соттук отурумга жактоочусу жок катыштыАКШда Дональд Трамптын тарапташы Чарли Кирк киши колдуу болду