Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Экс-депутат Айжигитов алгачкы соттук отурумга жактоочусу жок катышты


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11-сентябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун иши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Ал жактоочусу ишти кароодон акыркы сааттарда баш тартканын айтып, отурумга адвокатсыз катышты.

Быйыл апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Айжигитовго жана анын жубайы Гүлзат Жолдошовага Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Атайын кызмат мурдагы депутат жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына жумушка мыйзамсыз киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтиргенин билдирген.

Бүгүнкү соттук отурумга Жолдошова мүмкүнчүлүгү болбогондуктан келе албай калганы айтылды.

Айжигитов өзү эки ирет операция болгонун, экинчисинин тигиштери жаңы эле алынганын айтып, соттон ишти эки аптадан кийин карай баштоону өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырбай, кийинки отурумду эртеңкиге белгиледи. Сот ошондой эле айыпталуучуга тез арада адвокат табууну табыштады.

Султанбай Айжигитов аялы мыйзамдуу иштегенин билдирип, “саясий куугунтукка” кабылганын айтып келет. Ал буга чейин жубайы депутат Динара Ашимованын жардамчысы болуп иштесе, Динара Ашимованын баласы Айжигитовдун жардамчысы болгонун белгилеген.

30-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Айжигитов менен Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды үй камагына алуу чечимин чыгарган.

67 жаштагы Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасагандан кийин алгач “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылып, андан соң мандатынан ажыратылган. Ал УКМК кызматкерлерине каршы президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага арыз жазып, 4-майда “Түндүк” тиркемеси менен жөнөткөнүн айткан, аялы экөөнү кармоо учурунда атайын кызматтын өкүлдөрү күч колдонгонун, ошонун кесепетинен жаракат алып ооруканага түшүп калганын билдирген. (КЕ/ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG