Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

БУУ: Украинада жайкын тургундар арасында жоготуу быйыл кескин көбөйдү


Украинада каза болгон жайкын тургундар.
Украинада каза болгон жайкын тургундар.

БУУнун Украинадагы адам укуктарына байкоо салган миссиясынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын сегиз айында жайкын тургундардын арасында жабыркагандардын саны 2024-жылга салыштырмалуу 40% өстү. Каза болгондордун саны 17%, жараат алгандар 46% көбөйдү. Бул тууралуу 10-сентябрда жарыяланган баяндамада айтылды.

Август айында эле башка курал-жаракка караганда кыска аралыкка учуучу учкучсуз учактардын соккулары Украинада карапайым калктын арасында эң көп курмандыкка алып келип, 58 жай тургун каза таап, 272 киши жараат алган.

Баяндамада каза болгондордун 72% фронт линиясына жакын, анын ичинде Донецк жана Херсон облустарында болгону белгиленген. Ошол эле учурда орус армиясы быйыл алыс аралыкка атуучу куралдарды, ракеталарды колдонууну активдештирди.

"Август айынын башында узак аралыкка аткылоого убактылуу тыныгуу болгону шаар жерлерине гана жеңилдик алып келди, ал эми фронтко жакын аймактарда курмандыктардын саны туруктуу бойдон калууда. Сентябрдын башында чабуулдар жанданып, Орусияынын маалыматы боюнча дагы ракета жана дрондорду колдонуу рекорддук деңгээлге чыккан", - деди БУУнун Адам укуктары боюнча мониторинг жүргүзүү миссиясынын башчысы Даниэль Белль.

БУУнун миссиясы Орусия Украинага бастырып киргенден тартып бери дегенде 14 116 карапайым тургун каза болгонун тактаган. Алардын 733ү балдар. Жараат алгандардын саны 36,5 миңге жакын, алардын 2285и балдар.

Шерине

XS
SM
MD
LG