Орусияда мигрант балдардын 87% ашууну мектепке кирбей калды

23-ДЕКАБРЬ, 2017-жыл. Мигранттардын балдары үчүн сабак учуру. Орусия

Орусияда чет элдик мигрант балдардын 87,5% мектепке кабыл алынган жок. Бул тууралуу Рособрнадзор билдирди.

2025-жылдын апрелинен тарта мигрант балдар орус тилин билгени тууралуу тесттен ийгиликтүү өтүп, үй-бүлөсү Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнү текшерүүдө тастыкталгандан кийин гана окууга кабыл алына баштаган.

Аталган мекеменин маалыматына караганда, быйыл апрелден августка чейин чет элдик жарандыгы бар 23 616 баланын документи тапшырылган. Бирок тестирлөөгө 8 223 бала гана өткөн, калганынын документтери толук эмес деген негизде артка кайтарылган.

Анын арасынан тестирлөөгө болгону 5 940 бала гана кирип, 50% же 2 964 бала гана ийгиликтүү өткөн. Бул Орусиянын мектептеринде билим алуу үчүн документ тапшырган үй-бүлөлөрдүн балдарынын жалпы санынын 12,5% түзөт.

Мектепке кирүү үчүн мигрант ата-энелер бир катар документтерди бериши керек, анын ичинде баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү экенин ырастаган маалымкаттарды көчүрмөсү, баланын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Орусияда мыйзамдуу жүргөнү тууралуу кагаз, балада жугуштуу оорулар жоктугу тууралуу маалымкат жана башкалар.

Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары кеңеши Ички иштер министрлигине таянуу менен өлкөдө 785 миңден ашуун мигрант бала бар экенин билдирген.

Мектептерде окуп жаткандардын саны 192,2 миңди түзөт (24,5%).

Аталган кеңештин башчысы Валерий Фадеев балдары мектепке барбаган балдардын ата-энелерин Орусиядан кетүүгө чакырган, муну "тентек балдардын көбөйүшү олуттуу кылмыш факторуна айланышы мүмкүн" деп түшүндүргөн.

Дагы караңыз

"Дрондор жөнүндө репортаж көрүп отурсам, бирөө үйүбүзгө кулады". Москва НАТОну сынап жатабы?Шаардык сотто журналист Мамыркулованын иши боюнча отурум болду