Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталды

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилге көтөрө турган депутаттык топ түзүлүп, ишин баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги бир нече депутат билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин VII чакырылышын эрте таркатуу сунушу жана ага негиз болгон жагдайлар такталып, кийинки жумада маселе күн тартибине чыгышы мүмкүн. Ушул тапта депутаттардан кол топтоо жүрүп жатат.

“Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр болуп жатат. Демилге көтөрө турган депутаттык топ ар кандай жагдайларды талкуулап жатат. Азырынча бир чечим боло элек. Бул топто бир нече депутат бар. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу боюнча жагдайлары кандай түшүндүрүлөт, ошого жараша добуш берем. Азыр эми иш толук бүтө элек”, - деди депутаттардын бири.

Депутат Дастан Бекешев 11-сентябрда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында Жогорку Кеңешти таркатуу тууралуу демилгеге кол койбогонун, парламентте 30 депутаттын колу чогулуп калды деген маалыматтар бар экенин айтты.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин кеминде 30 депутат көтөрүп, аны депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары жаңы шайланып келген чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин иштейт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт.

Коомчулукта Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот деген маалымат кызуу талкууланып жатат.

Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев 1-сентябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдой турганын айткан.

Буга удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров да “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Мындай дооматтарды спикер Нурланбек Тургунбек уулу бир нече жолу четке каккан. Ал “парламент таркайт” деген сөздөргө комментарий бере элек. (BTo)