Орусия Украинанын Сумы облусуна сокку урду. Курмандыктар бар

12-сентябрь, 2025-жыл. Сумы облусундагыкыштак Орусиянын соккусунан кийин

Орусиянын армиясы 11-сентябрдын кечинде жана 12-сентябрда эртең менен Украинанын Сумы облусуна сокку урду.

Сумы облустук администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, дрон чабуулу Сумынын четиндеги өнөр жай зонасына болду. Уранды алдынан зонанын күзөтчүсүнүн сөөгү чыгарылды.

Дубандагы бир нече кыштак да аткылоого кабылып, айрымдарына үч ракета учурулган. Турак жайлар талкаланган, зыян келтирилген учурлар катталды. Бытица кыштагында эки кишинин өмүрү кыйылды.

Бейшембиде Сумынын бийлиги Орусиянын дрону шаардын чок ортосунда жайгашкан тарыхый соборго түшкөнүн билдирген. Автоунаага урулган соккуда 19 жашар кыз жараат алып, ооруканага түшкөн.

12-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 200дөн ашуун дронун атып түшүргөнүн, Приморскидеги мунай портуна чабуулда кеме жана насос станциясында өрт чыкканын маалымдаган.

Дагы караңыз

"Зумерлер өкмөттү төңкөрдү". Непалда соцтармакты чектөө аракети ишке ашкан жок Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталды