Кагылышууларда кеминде 30 киши каза болду. Демонстрациялардын фонунда өкмөт башчы кызматынан кетүүг аргасыз болду.
Өлкөнү ким башкарып жатканы белгисиз
30 миллион калкы бар, Кытай жана Индия ортосуна орун алган Гималайдагы өлкөнүн армиясы тартип орнотууга аракеттенип жатат. Бейшембиде башкалаа Катмандуда комменданттык саат бир нече убакытка алынганда жергиликтүү жашоочулар азык-түлүк сатып алууга, башкалары ибадатканаларга сыйынууга агылды.
Куралчан аскерлер көчөлөрдү кайтарып, машиналарды текшерип, муктаждарга жардам берип жатышты.
Борбор шаарда жана айланасында чектөөлөр кала берүүдө. Соңку кабарларга ылайык, эл аралык аэропорт ишин жандандырып, катамдар ишке ашырылууда.
Бирок өлкөнү ким башкарып жатканы белгисиз болуп, саясий боштук кала берүүдө. Непалдыктар кырдаал тезирээк жөнгө салынып, тартип орношу керек деп айтышат:
“Шайлоо тезирээк өтүшү керек. Өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоп иштеген жаңы лидерлер шайланууга тийиш”, - деп айтты Рейтер агенттигине Катмандудагы дүкөндүн ээси Сану Бохара.
Демонстранттарды кысымы менен премьер-министр Шарма Оли отставкага кетүүнү чечкенде, ыйгарым укуктары катуу чектелген президент андан кызматын аткарып турууну өтүнгөн.
Бирок Оли резиденциясынан качып, азыр кайда жүргөнү белгисиз.
Шаршембиде нааразылык акцияларына катышкандардын өкүлдөрү армия жетекчилиги менен өткөөл премьердин талапкерлигин талкуулашты. Жолугушуудан кийин “Z муунунун” же зумерлерлердин өкүлү Рехан Радж Дангал Непалдын Жогорку сотунун мурдагы төрайымы 73 жаштагы Сушила Карки утурумдук өкмөт башчылыкка негизги талапкер катары каралганын билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-2017-жылдары мындай жогорку кызматты аркалаган жападан жалгыз аял-судья абдан популярдуу фигура болчу.
Бирок анын талапкерлигин колдобогондор да бар.
Аналитиктер катардагы непалдыктар, өзгөчө бийликке нааразы болгон жаштар легитимдүү деп кабыл алган “утурумдук келишимге” жетүү оңой эмес болорун эскертишет.
Карки партиялар арасында мунаса табуу чечүүчү роль ойнорун билдирди. Анын айтымында, "эксперттер чогулуп, мындан аркы аракеттерди аныктоого тийиш”.
Парламент ишин улантып жатканы менен, толкундоолор тутангандан кийин бир топ саясатчылардын дайыны чыкпай калды.
Ондогон жылга созулган жарандык согуштан кийин, 2008-жылы монархия жоюлуп, Непал федеративдик жумурият болуп калган. Акыркы жолу парламенттик шайлоо 2022-жылы өткөрүлгөн.
"Коррупцияга баткан жетекчилер кетип, жаштарга орун берсин"
Өлкөнүн армиясы митинг-демонстрацияларды таркатууга чанда тартылат. Бул жолу полиция абалды көзөмөлдөй албай калганда, куралдуу күчтөр кийлигишүүгө аргасыз болду. Тартип коргоочулар жаалданган топторду токтотуу үчүн жаш агызчу газ, желим ок колдонгон.
Саламаттыкты сактоо министрлиги шаршембиде билдиргендей, кагылышууларда 30 киши каза тапты, бир миңден ашууну жаракат алды.
Ири акциялар өткөн дүшөмбү, 8-сентябрда тутанган. Анын алдында, 4-сентябрда Facebook, Instagram, Tik Tok, WhatsApp, Youtube жана бардыгы болуп 26 популярдуу соцмедиа барактары өкмөт жарыялаган мөөнөттө өлкөнүн коммуникация министрлигинде каттоодон өтпөгөндөн кийин блоктолуп калган болчу.
Өкмөт мындай чараны жалган маалымат таратуу, жек көрүүгө шыкактаган материалдар, онлайн көз боёмочулук учурлары менен күрөшүү зарылдыгы менен түшүндүргөн.
Жашоосу, бизнеси токтоп калганын айтып, нааразылык демонстрацияларына чыккандардын көбү өзүлөрүн "Z мууну" деп атаган жаштар болду.
Премьер-министр Оли саясий партиялардын өкүлдөрү менен кездешкенде зомбулук өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келерин айтып, диалогго барууга чакырган. Бийлик эртеси эле социалдык тармактарды бөгөттөө чечимин жокко чыгарганы менен акциялар токтогон жок. Катышуучулар өкмөт башчынын резиденциясына, парламент жана Жогорку соттун имараттарына өрт койгону кабарланган.
Дүйшөмбүдө кечинде Непалдын бийлиги ал күнкү кандуу окуялар боюнча иликтөө баштаганын жарыялашты.
Бирок жаштар соңку чектөөлөргө гана эмес, өкмөттүн паракорлукту ооздуктабай, экономикалык шарт түзбөй жатканына нааразылыгын айтып жатышты. Алар коррпуцияга баткан жетекчилер парламенттен кетип, жаңы муундан чыккан лидерлерге мүмкүнчүлүк берилиши керек деп айтышат. Жергиликтүү жашоочу Лиладхар Ламсал алардын сөздөрүнө кошулат:
“Биз 1989-жылдан бери өзгөрүүлөрдү эңсеп жатабыз. 2006-2007-жылдардагы ыңкылаптарга карабай, эч ким муктаждыктарыбызга көңүл бурбай келди. Эми жаш муун өзгөрүүлөрдүн толкунун баштады. Бул – тарыхый учур. Эмки лидер бир добуштан шайланышы керек. Өлкөнүн башына түйшүк түшкөндө качпай турган киши керек".
Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, былтыр Непалда 15-24 жаштагы жаштар арасындагы жумушсузудк 20,8% түзгөн.
Мекенинде жумуш таба албаган миллиондогон непалдык улан-кыздар Жакынкы Чыгышка, Түштүк Корея жана Малайзияга эмгек миграциясына кетүүгө мажбур. Алар көбүнчө курулуштарда иштеп, тапкан-жыйнаганын үйлөрүнө салып турат. Андыктан социалдык тармактар өлкөдө абдан маанилүү. Мындан тышкары чакан бизнес менен алектенгендер WhatsApp тиркемесин көп колдонушат.
Өткөн жылы Орусия жумушсуз непалдык жаштарды Украинадагы согушка жалдаган учурлар тууралуу маалыматтар тараган.
9-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Непалда жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга жана массалык иш-чараларга катышпоого чакырды.
ТИМ ошондой эле Непалга сапар пландап жаткандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштады.
Шерине