Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Непалда жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырды.
Мекеме билдиргендей, Непалдын бир катар аймактарында, анын ичинде борбор калаасы Катмандуда да нааразылык акциялары өтүп жатат. Ошондуктан кыргызстандыктарды жана туристтерди эл көп чогулган жерлерден алыс болууга жана массалык иш-чараларга катышпоого чакырат.
ТИМ ошондой эле Непалга сапар пландап жаткандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштады.
Непалда жүргөн Кыргызстандын жарандары консулдук жана шашылыш байланыш үчүн төмөнкү «түз байланыш» номерлерине кайрыла алышат:
- КР ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002
- Кыргызстандын Индиядагы элчилиги (WhatsApp): +91 92894 00944
8-сентябрда Непалда интернеттеги соцмедиа платформаларын блоктогон чечимге каршы митингдерге чыккан миңдеген жарандар күч органдары менен кагылыша кетип, 19 киши өлүп, 100дөн ашууну жараат алды. Айрым булактар жараат алгандар 400дөн ашканын жазышты. Шейшембиде Непалдын премьер министри жана ички иштер министри отставкага кеткени жарыяланды.
Facebook, Instagram, Tik Tok, Youtube жана бардыгы 26 популярдуу соцмедиа барактары Непалдын өкмөтү жарыялаган мөөнөттө өлкөнүн коммуникация министрлигинде каттоодон өтпөгөндөн кийин блоктолуп калган болчу. 4-сентябрдан тартып блоктолгон интернет булактарына WhatsApp, X да кирип калган.
Дүйшөмбүдө кечинде Непалдын бийликтери бул күнкү кандуу окуялар боюнча иликтөө баштаганын жарыялашты. (AiA)
Шерине