Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз ала булут каптап турат. Жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Дагы караңыз

Беларуста 52 адам, арасында "Азаттыктын" журналисти Игорь Лосик абактан бошотулдуБУУнун Коопсуздук кеңеши Катардагы чабуулду Израилди атабай туруп айыптады Орусияда мигрант балдардын 87% ашууну мектепке кирбей калды Британия менен Жапония Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти