Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Британия менен Жапония Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуу Британиянын бийлиги Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясына жооп катары санкция тизмесин кеңейтти.

Бул ирет Орусиянын "Русполимет" металлургия компаниясы, "Технодинамика" холдинги, Брянскидеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы химиялык заводу, Сарапулдагы радиозавод, "Анозит" химиялык өнөр жай ишканасы, "Реконд" жана "Элеконд" конденсатор заводдору, "Синвент" техникалык системалар институту, "Кубаттуу радиокуруу институту", "Редкин атындагы тажрыйба заводу", "Мезон" жана Мытищидеги курулуш жабдыктарын чыгарган заводдор тизмеге кирди.

Мындан тышкары Кытай, Индия, Түркия жана Тайланддын Орусия менен кызматташкан компанияларына да санкция салынды.

Ошондой эле кытайлык Shenzhen Blue Hat International Trade компаниясынын ээлери, орусиялык жарандар Алексей жана Елена Малицкая, Түркиянын Mastel Makina компаниясы менен байланышы болгон азери жараны Шанлик Шукуров да санкция тизмесинин катарын толуктады.

Санкцияга Орусиянын "көмүскө флотунун" 70 кемеси, анын ичинде "Газпромнефть" менен байланышы бар GAZPROMNEFT NORDEAST жана GAZPROMNEFT ZUID EAST танкерлери да кошулду.

Жума күнү Жапониянын бийлиги да орусиялык 47, үч беларустук компаниялар менен уюмдарга, бир катар аскер кызматкерлерине, аткаминерлерге жана алардын туугандарына санкция салды.

Жапон Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, чектөөлөргө Ахмат Кадыров атындагы фонд, "Артек2" балдар лагери, Movement of the First уюму ("Движение первых" деп аталган балдардын жана жаштардын жалпы орусиялык кыймылы), "Урал" автозаводу, Туладагы курал-жарак заводу, Арзамасстагы бронетехника чыгарган машина куруу заводу баштаган ишканалар туш болду.

Евробиримдик 12-сентябрда орус президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерге жана орусиялык бир катар жарандарга карата санкциялардын мөөнөтүн дагы жарым жылга узартты.

Жакынкы күндөрдө Орусияга каршы санкциялардын 19-топтому кабыл алынары күтүлүп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG