Беларус түрмөсүнөн 52 киши чыкты: Лосик Литвада, Статкевич өлкөдөн чыгуудан баш тартты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Игорь Лосик, 11-сентябрь 2025-жыл.

11-сентябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисти Игорь Лосик Беларуста беш жылдан ашуун абакта отургандан кийин бошотулду. Лосик түрмөдө оор шартта кармалып, анын үй-бүлөсү, жакындары да Беларус бийлигинин куугунтугуна кабылган.

Куткаруу операциясы

Бейшемби күнү Игорь Лосик жана дагы 51 адам Беларустагы абактардан бошотулду. Бул окуя Вашингтон менен Минскинин мамилеси жумшарган учурда саясий туткундарды бошотуу боюнча соңку кадамдардын бири болду. Лосикти кошкондо 51 киши Литвага чыгарылды, саясатчы Статкевич өлкөдөн чыгуудан баш тартып, азыр чек арадагы бейтарап аймакта отурганы кабарланды.

Лосик 11-сентябрда Литвага жеткирилгенден кийин «Азаттык» радиосунун жетекчилиги жана кесиптештери менен жолукканда: «Абдан таң калып, дагы деле нес абалдамын. Бирок албетте кубанычтамын», — деди.

Журналист бир күн мурун эле жалгыз камерада ойгонгонун айтып, эртең менен күзөтчүлөр текшерүүдөн кийин ага: «Буюмдарыңды чогулт» деп айтышканын белгиледи.

Андан кийин аны унаага отургузуп, башына баштык кийгизип, колуна кишен салып, Беларустун атайын кызматына алып барышканын, ал жерде Лосик Ак үй ортомчулук кылган келишимдин алкагында бошотулуп жаткан ондогон саясий туткундардын тобуна кошулганын билгенин айтып берди. Андан кийин алар автобус менен Литванын чек арасына жеткирилген.

Саясий туткундар келишимге ылайык, эркиндикке чыккандан кийин өлкөдөн чыгууга тийиш болгон. Бирок 69 жаштагы оппозициялык саясатчы Николай Статкевич өлкөдөн чыгып кетүүдөн баш тартып, учурда Беларус менен Литванын чек арасындагы бейтарап тилкеде экени айтылууда. Калган 51 адам өлкөдөн чыгып кеткен.

«Аны ынандырууга бир нече жолу америкалык дипломаттар жана жубайы аракет кылышты», — деди оппозиция өкүлү Евгений Вильский. Ал өзү да саясатчыны көндүрүүгө аракет кылганын кошумчалады.

Литва менен Беларустун чек арасындагы бейтарап тилкеде отурган киши Николай Статкевич экени айтылууда

«Ал кетүүдөн баш тартты. Ал [Беларус президенти Александр] Лукашенко тагдырды чече албайт деп эсептейт. Мен каалаган жерде болом... Беларуста болом деп жатат”, — деди Вильский.

11-сентябрда эркиндикке чыккандардын арасында Гомель шаарындагы аялдар түрмөсүндө көп жыл камакта отурган журналист Лариса Щиракова да болду:

«Эркиндик таттуу, бирок ачуу да, себеби үйүмө кайтып бара албайм жана түрмөдө жатканымда каза болгон апамдын көрүнө бара албайм», — деди Щиракова көзүнө жаш алып.

«Беларус бийлиги негизсиз камакка алган дагы бир эр жүрөк журналистибиздин бошотулушун камсыз кылганы үчүн президент [Дональд] Трампка чексиз ыраазыбыз», — деп билдирди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Стив Капус.

Капус АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун, атайын өкүлдүн орун басары Жон Коулдун, Литва өкмөтүнүн жана маалымат эркиндигин жактаган коомчулуктун «RFE/RLдин камактагы журналисттерине көрсөткөн туруктуу колдоосу үчүн» ыраазычылык билдирди.

«Игорь "Азаттыкта" иштеген журналист болгону үчүн оор азап тартты. Беш жылдан ашык созулган бул абдан оор жана толугу менен адилетсиз сыноо акыры аяктады», — деди Капус.


Алена Цимашчук.

11-сентябрда бошотулгандардын арасында Прагадагы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кеңсесинде «Вацлав Гавел журналисттик стипендиясы» программасы менен иштеген Алена Цимашчук да бар. Ал 2023-жылдын сентябрында «экстремизм» айыбы менен кармалып, соттолуп, беш жылга эркинен ажыратылган.

«Алена карьерасы эми башталып жаткан жаш журналист. Анын эки жылы жөн жерден уурдалды», — деди Капус.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Беларус кызматынын кабарчысы, 33 жаштагы Игорь Лосик 2020-жылдын июнь айында кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага «массалык баш аламандык уюштуруу, социалдык жек көрүү жаратуу» жана башка бир нече айып тагылган.

Лосик өзү, «Азаттык» радиосу жана Батыш өлкөлөрү журналистке тагылган айыптарды саясий куугунтук деп аташкан.

Ал популярдуу блогер жана Лукашенкого олуттуу атаандаш болгон Сергей Тихановский менен чогуу соттолгон.

Тихановский быйыл июнда дагы 13 саясий туткун, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун мурдагы журналисти Игорь Карней менен бирге түрмөдөн бошотулган.

Лосиктин бошотулушу АКШ президенти Дональд Трамптын авторитардык лидер Александр Лукашенкого телефон чалуусунан бир айга жетпеген убакыт өткөндөн кийин ишке ашты. Лукашенконун 31 жылдык бийлиги учурунда АКШ президенти ага түздөн-түз чалган бул алгачкы учур. Трамп июнда туткундардын бошотулушу үчүн Лукашенкого ыраазычылык билдирип, дагы башка туткундарды бошотуу маселесин көтөргөн.

Дагы караңыз Беларус соту Тихановскаянын күйөөсүн 18 жылга кести

Февралда RFE/RLдин беларус кызматынын дагы бир журналисти Андрей Кузнечик үч жылдан ашуун убакытка созулган камактан бошотулган.

Беш жылдан ашык камакта отурган Игорь Лосик жергиликтүү элге «Радыё Свабода» деген ат менен белгилүү болгон «Азаттыктын» беларус кызматынын журналисти. Ал изоляцияга алынып, күч колдонууга жана психологиялык кысымга туш болгон.

Акыркы эки жылда Лосик тууралуу эч кабар болгон эмес. Быйыл январда беларус мамлекеттик телеканалынын пропагандалык программасында ал тууралуу репортаж көрсөтүлүп, аны «Беларуска каршы иштеген» деп айыпташкан.

2020-жылы Беларуста миңдеген адамдар президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирип, көчөгө чыгышкан. Эл аралык байкоочулар бул шайлоо бурмаланган деп эсептешкен. Беларус коопсуздук күчтөрү катаал чараларды колдонуп, миңдеген адамды камакка алган. Камалгандардын көбү кыйноо жана түрмөдөгү оор мамиле тууралуу айтып беришкен.

Катаал репрессиялардын айынан оппозициялык саясатчылардын көбү коопсуздугу жана эркиндиги үчүн Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Батыш өлкөлөрү 2020-жылкы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Лукашенкону өлкөнүн мыйзамдуу лидери деп эсептебейт.

Лосик негизинен Навополоцк колониясында кармалып турду. Ал жерде бир жарым жыл бою түрмө администрациясы ага үй-бүлөсү менен байланышууга жана азык-түлүк алууга тыюу салган.

Мурдагы туткундардын айтымында, Лосик жазалоочу камерага көп жолу камалган.

Үй-бүлөгө куугунтук

Игорь Лосиктин жубайы Дарья Лосик 2022-жылы кармалып, 2024-жылы бошотулган. Күйөөсү камакка алынгандан кийин Дарья Лосик өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенкого кайрылып, аны «коркок» деп айыптаган. 2023-жылдын январь айында Дарьяны эки жылга эркинен ажыратышкан. Буга анын «экстремисттик» деп таанылган польшалык «Белсат» телеканалына интервью бергени негиз болуп, ага «экстремисттик ишмердүүлүктү жайылткан» деген айып тагылган.

2024-жылдын 24-июлунда беларус бийлиги камакта жаткан саясий туткундар арасынан беш аялды бошотконун, алардын бири Дарья Лосик экенин «Гомел жазы» укук коргоо долбоору жазган.

Ал эми иниси быйыл июлда Беларустан качууга аргасыз болгон. Ал үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Себеби ал орус аскердик техникасынын үрөттөрүн «Беларускі Гаюн» Телеграм-каналына жөнөткөнү үчүн «экстремисттик ишмердүүлүк» деген айыпка жыгылган.

Беларуста азыр да болжол менен 1200 саясий туткун камакта отурат. Алардын арасында өлкөдөгү белгилүү активисттердин бири, музыкант Мария Колесникова да бар.

Колесникова мажбурлап өлкөдөн чыгарууга каршы чыгып, Лукашенкого каршы оппозициялык кыймылга жетекчилик кылганы үчүн 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Сергей Тихановскийдин жубайы, күйөөсү камалгандан кийин президенттикке талапкерлигин койгон Светлана Тихановскаянын шайлоо өнөктүгүн жетектеген.

Беларус президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 11-сентябрда бошотулган туткундардын арасында 14 чет өлкөлүк бар. Алар: Литванын алты жараны, Латвиянын эки жараны, эки поляк, эки немис, бир француз жана бир британиялык жарандар.