Журналист Болот Темиров сөз эркиндиги боюнча абройлуу эл аралык сыйлык алды

Болот Темиров, сот отурумдары учурунда.

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму сөз эркиндиги боюнча эл аралык сыйлыктын 2025-жылдагы лауреаттарын жарыялады. Алардын арасында өлкөдөн чыгарылган, Temirov Live долбоорунун негиздөөчүсү, кыргызстандык иликтөөчү журналист Болот Темиров дагы бар.

Temirov Live каналы Кыргызстанда коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет. Анын негиздөөчүсү Болот Темиров 2022-жылы “Кыргызстандан мыйзамсыз паспорт алган, документи жараксыз" деп табылып, Орусияга мажбурлап чыгарылган.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун 11 журналисти кармалган. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулду. Абакка кесилгендердин бири Болот Темировдун аялы Махабат Тажибек кызы. Акын жана журналист Азамат Ишенбеков президент Садыр Жапаровдун ырайымына ылайык, 2025-жылы апрелде абактан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Басма сөз эркиндиги боюнча абройлуу сыйлыкты тапшыруу аземи 20-ноябрда Нью-Йоркто өтөт. Темировдон сырткары бул сыйлык Кытай, Эквадор жана Тунистин журналисттерине берилди.

“Журналисттер мурда болуп көрбөгөндөй кооптуу жагдайда, ошол эле учурда алардын иши эч качан мынчалык маанилүү болгон эмес”, - деп билдирди уюмдун аткаруучу директору Жоди Гинсберг. Ал сыйлык куугунтукка, кастыкка туш болгондорду колдоо иретинде берилерин кошумчалады.

Былтыр бул эл аралык сыйлык Орусияда абакта 288 күн отуруп, кийин айырбаштоо жолу менен бошотулган "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашевага берилген. (КЕ)

Дагы караңыз

Раиса Атамбаева президент Садыр Жапаровго кайрылдыАКШда Чарли Киркти өлтүрүүгө шектүү кармалды Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталдыНепалда көчө кагылышууларында өлгөндөр 50дөн ашты, 12 миңдей киши түрмөдөн качты