Непалда кеңешүүлөрдөн кийин жаңы премьер-министр дайындалды

Сушила Карки (оңдо) ант берип жатат.

Непалдын Жогорку сотунун мурдагы башчысы Сушила Карки өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп дайындалды. Ал өкмөттүн башына келген алгачкы аял жетекчи болуп калды.

Карки бул кызматка жума күнү кечинде Непалдын президенти, куралдуу күчтөрдүн жетекчиси жана “Z мууну” деп аталган демонстранттардын өкүлдөрү менен жолугуп, кеңешүүлөрдөн кийин дайындалды.

Акциянын катышуучулары коррупцияга каршы күрөшкөн адам катары Каркинин бул кызматты убактылуу аткарууга макул болушту. Ал жаңы шайлоо өткөнгө чейин бул кызматты убактылуу аркалайт. Шайлоо 2026-жылдын март айына белгиленди. Президент коррупцияга каршы көчөгө чыккандар жемкорлукка айыптаган парламентти тараткан.

Непалдын Ички иштер министрлиги жума күнү маалымат жыйынын өткөрүп, соцмедиа порталдары бөгөттөлгөнүнө, коррупцияга каршы албууттанган акция катышуучулары менен полициянын кагылышууларынан кеминде 51 адам каза тапканын, дагы 1200дөн ашуун киши жараат алганын билдирген.

Маалыматка караганда, каза болгондордун 21и демонстранттар, үчөө полиция кызматкери, тогуз киши түрмөдөн качкандар, 18и дагы башкалар деп айтылды.

"Башаламандык маалында түрмөлөрдөн качып чыккан 13 500дөй кишинин миңдейи абактарга кайтарылды, калганы дале дайынсыз", - деп белгиледи өкмөттүн өкүлү.

Дагы караңыз

Журналист Болот Темиров сөз эркиндиги боюнча абройлуу эл аралык сыйлык алдыЖер титирөөдөн кийин Бишкекте курулуш объектилери текшерилдиЖогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталдыНепалда көчө кагылышууларында өлгөндөр 50дөн ашты, 12 миңдей киши түрмөдөн качты