13-сентябрь күнү Лондон шаарында ислам өлкөлөрүнөн мигранттарды кабыл алууга каршылык билдирген митинг өттү. Ага миңдеген адам катышты.
Unite the Kingdom ("Бириккен падышачылык") деп аталган митинг Темзанын түштүк жээгиндеги Сазерк районунан башталды. Митингге чыккандар өкмөт жайгашкан Уайтхолл кварталына жана премьер-министр Кир Стармердин резиденциясын көздөй жүрүш жасашты.
Акцияны ашкере оңчул English Defence League уюмунун негиздөөчүсү Томми Робинсон уюштурду.
Полициянын маалыматына караганда, митингге 100 миңден ашуун катышты. Робинсон өзү митингге милионго чукул адам онлайн көз салганын маалымдады.
Митингчилер 10-сентябрда киши колдуу болгон америкалык консерватор активист Чарли Киркти эскеришти.
Полиция айрым адамдар тартип сакчыларына бөтөлкө ыргытып, белги берүүчү ракета менен аткылашканын билдирди. Бир нече адам кармалды.
Ушул эле күнү шаардын башка тарабында Рассел-скверде мигранттарды колдогон митинг өттү. Анын масштабы алда канча чакан болгону кабарланды.
Улуу Британияда мигранттарга каршы терс маанай сентябрь айынын башында Эфиопиядан келген 38 жаштагы качкын 14 жаштагы кыз менен аялга сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн айыпталгандан кийин күч алган.