Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2021-жылы, августта Ооганстандан чыгарылган 57 аскердик тик учакты кайтарууну көздөп жатат деген маалыматты четке кагып, "фейк" деп атады. Тик учактардын кайтарылышы тууралуу Ооганстандын жергиликтүү агенттиктери жазышкан.
Өзбекстан ТИМинин расмий өкүлү Ахрор Бурханов "мындай маалыматтар чындыкка дал келбесин, Өзбекстандын позициясы өзгөрүүсүз каларын, ал эми таркап жаткан маалыматтар fake news" деп айтканын Gazeta.uz. кабарлады.
Узап бараткан аптада Afghanistan International, Kabul Times маалымат агенттиктери Өзбекстан Ооганстанга 57 аскердик тик учактарды кайтарышы ыктымалдыгын маалымдашкан.
2021-жылы августта Өзбекстандын бийлиги Ооганстанга караштуу 46 учак жана тик учактар чек араны Кабулду ээлеп алган талибдердин чабуулунан качып, мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 585 аскер кызматкери менен чогуу мажбурлап кондурулганын билдиришкен. Ошол кезде жалпысынан Өзбекстандын аба мейкиндигине 22 аскердик учак жана 24 тик учак өткөн.
Быйыл февралда Өзбекстан Оогансанга Black Hawk үлгүсүндөгү жети тик учакты кайтарганы кабарланган.
Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" өкмөтүнүн өкүлдөрү тик учактар жана учактар Ооганстандын менчиги экенин жана кайтарылууга жатарын бир нече жолу билдиришкен. Расмий Ташкент учактар АКШнын менчиги экенин жана кайтарууга жатпасын жооп кылышкан.
2021-жылы августта талибдер Кабулдагы бийликти кайрадан ээлеп алган кезде миңдеген оогандар түрдүү жолдор менен өлкөдөн качып чыгышкан. Алардын 200 миңдейи АКШда экени айтылып келет.
Учурда чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн ооган качкындарынын так саны белгисиз.
Шерине