Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

"Жактоочу тапканга убакыт бергиле". Айжигитовдун иши адвокатсыз карала баштады


Султанбай Айжигитов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 12-сентябрь, 2025-жыл.
Султанбай Айжигитов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 12-сентябрь, 2025-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов өзүнүн иши боюнча алгачкы эки соттук отурумга жактоочусу жок катышты. Ал келишим түзгөн адвокат бул иш саясий болгондуктан акыркы сааттарда баш тартканын билдирди.

Саясатчы эки ирет операция болгонун айтып, өзүнө толук келип алгыча процессти артка жылдырып турууну соттон суранды. Сот бул өтүнүчтү канааттандырбай, өзү таппаса мамлекеттик адвокат бекитилерин эскертти.

Айжигитов быйыл жазда парламентте чек ара тууралуу билдирүү жасагандан кийин кармалып, мандатынан ажыратылган. Кармоо учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөн соң үй камагына чыгарылган.

Соттук иштин солгун башталышы

Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы 11-сентябрга белгиленген биринчи отурумдун башында эле айыпталуучу Султанбай Айжигитов адвокаты жок экенин айтып, тиешелүү өтүнүчтөрдү өзү келтирерин билдирди. Саясатчы атайын кызматтын кызматкерлери аны кармоо учурунда алган жаракаттарынан кийин эки ирет операция болгонун, экинчисинин тигиштери али алына электигин кеп кылды. Ошол себептүү тыңып алгыча процессти эки апта артка жылдырып турууну соттон суранды.

Ишти караган сот Мадамин Азимжанов өтүнүчтү канааттандырбай, эртеси күнгө чейин жактоочу табууну тапшырды. Ал ошондой эле отурумга келбей калган экинчи айыпталуучу – Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованы да сотко келтирүүсүн талап кылды.

12-сентябрдагы отурум да ошо тейде уланды – айыпталуучу өтүнүч келтирип, сот ага макулдук берген жок. Сот айыпталуучуга эгер өзү таппаса мамлекеттик адвокат бекитилерин угузду.

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов мунун баарын өз укуктарын чектөө катары баалады:

“Менде укуктарым жок, милдеттерим гана бар экен. Оорукчансыңбы-башкасыңбы бул жерге келип катышууң керек экен. Менин адвокатым жок болгону менен мен өзүмдү-өзүм коргой алам да. Мени ошол укугумдан ажыратып жатышат. Адвокаттар бул ишти саясий иш деп эсептеп, коркуп жатышат. Мен ошону айтып жатам, “качып жатышат, мага жактоочу тапканга убакыт бергиле” дедим. А булар болсо күчкө салып өткөрүп, мамлекеттик адвокат бекитилет деп жатышат. Ал кадимки эле “тыңчы” жактоочу болот, булардын айтканын кылат. Ошондуктан аларга ишенбейм. Ден соолугум да өтө начар. Кантым көтөрүлүп кетип жатат. Эгерде кантым 18-20га чыгып кетиши мүмкүн. Анда импланттар, тигиштер жарылып кетиши мүмкүн. Андай болсо ким жооп берет?”.

Отурумду видеого тартууга да уруксат берилген жок. Сот Мадамин Азимжанов айыпталуучунун жана айыптоочунун жүйөлөрүн уккан соң келерки отурумга мамлекеттик адвокатты дайындоону табыштады. Отурум 16-сентябрга белгиленди.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бул күнкү отурум жөнүндө комментарий берилбей турганын билдирди.

Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова соттук процессте. 12-сентябрь, 2025-жыл.
Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова соттук процессте. 12-сентябрь, 2025-жыл.
  • 67 жаштагы Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди сындаган билдирүү жасагандан кийин алгач “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылган. Мындан кийин – 28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Айжигитовго мурда чыккан сот өкүмүнүн негизинде анын депутаттык мандатын алган.


Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров Чүйдүн Сокулук райондук соту 2020-жылдын 14-февралында Султанбай Айжигитовду денеге жеңил жаракат келтирүүгө байланыштуу күнөөлүү деп тапканын, Чүй облустук соту 2021-жылдын 10-июнунда райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырганын билдирген. Шайназаров Айжигитов бул маалыматты шайлоо алдында жашырып койгонун айткан.

Султанбай Айжигитов “баланы сабаганы тууралуу далил жок экенин, ушунун негизинде “мөөнөтү өтүп кетти” деген жүйө менен сот ал ишти жапканын жана соттуулугу жок экенин” айткан. Ал ошондон улам өзүнүн мандаты саясий негизде алынганын билдирген.

УКМК
УКМК

29-апрелде саясатчы өзү жана анын аялы суракка чакырылган. 30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитов жана жубайы Гүлзат Жолдошовага башка фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирип, суракка алган. Тагыраагы 2021-жылы депутат болуп шайланган аялын башка бир депутаттын жардамчысы катары жумушка мыйзамсыз орноштурган деген айып тагылган.

УКМКнын 30-апрелдеги маалыматында мындай деп жазылган:

“Тергөөдө Султанбай Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Гүлзат Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган. Гүлзат Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлыктар, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3,2 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алган”.

Айжигитовду жана анын жубайын кармоо учурунда алар атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып чыгышкан. Кийин мунун сүрөттөрү да жарыяланган. УКМК муну четке каккан. Кийин сот аларды үй камагына алган.

Кыянаттык менен пайдалануубу же, саясий куугунтукпу

Иштин материалдары сотко өткөн соң саясатчыга дагы бир айып коюлганы белгилүү болгон. Анда Айжигитов 2005-2008-жылдары Баткендин губернатору болуп турган маалда аялын мамлекеттик мейманканага директор кылып мыйзамсыз дайындаганы кошулган.

Султанбай Айжигитов коюлган эки айыптоону тең четке кагууда. Ал губернатор болуп турган кезде аялы мейманканада директор эмес, тазалоочу гана кызматты аркалаганын айтууда. Ал ошондой эле жубайынын парламентте башка депутаттын жардамчысы болуп иштегени мыйзамга каршы келбейт деп эсептейт.

Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова соттук процессте. 12-сентябрь, 2025-жыл.
Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова соттук процессте. 12-сентябрь, 2025-жыл.

Саясатчы жок эле дегенде 10го жакын депутаттын кыздары, балдары, туугандары башка депутаттардын жардамчысы, кеңешчиси болуп иштеп жүргөнүн билерин, мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин кошумчалады. Анын сөзү боюнча, депутатка кимди жардамчы кылып ишке алууну биринчи фракция чечип, парламенттин аппарат жетекчисине жиберилет жана ал кол коёт.

“Ал мейманкана коммерциялык эмес, обладминистрациянын чарбасында турган жөн эле конок үйү болчу. Баткен шаарынан 20-15 чакырым алыста турат. Ошондуктан аны карап-тазалоо маселе болчу. Пол жуугучтун айлыгы болгону 2200 сом болчу. Ага ким бармак эле? Мен кызматтык батир жок болгондуктан, ошол жерде жашап жүргөм. Ошондо менин аялымды “баары бир жашап атасыңар, өзүңөр жууп-тазалап карап тур” деп анан, тазалоочу кызматка коюп коюшкан. Мага түз баш ийбейт болчу. Эми ошону “кызматын кыянаттык менен пайдалануу менен материалдык пайда көрүү үчүн” аялын кызматка койгон деп жатат. 2 жылча иштегенде “60 миң сомдой акча алган экен, ошону мамлекетке зыян келтирди” деп жатышат. Бул акылга сыйбаган нерсе. Ал эми Жогорку Кеңештеги иш боюнча жубайлары же жакындары башка депутаттардын жардамчылыгына коюлушу бул 30 жылдан бери келаткан нерсе. Азыр деле 15тей депутаттын жардамчылары ошондой жол менен алынган. Эмнегедир анан тандоо болуп, мага эле тиешеси бар экен. Анда деле парламенттин кадрлар бөлүмү доомат арткан эмес. “Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок” деп бардыгы эле айтып жатышат. Эми мында да 4 жылдын ичинде 3 млн сомдон ашык алыптыр, ошонусун төлөсүн деп жатат. Бул жерде деле эч ким зыян тарткан жок, ал иштеген ишине алды. Ошондо деле бул жөн эле жарандык иш катары каралышы керек болчу. Бирок мында “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене коюлуп, эң оор 12 жылга чейин камоочу айып коюлуп жатпайбы. Бул саясий куугунтуктун белгиси”, – деди Султанбай Айжигитов.

Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеште айрым депутаттар өз жакындарын башка депутаттарга өз ара сүйлөшүп, бири-бирине жардамчы кылып алары ачыкка чыккан. Айрым басылмалар алардын аты-жөнүн да жазып чыгышкан. Ага карабай бул боюнча депутат Султанбай Айжигитовго гана айып коюлушун саясий мотив менен байланыштыргандар бар.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү:

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

“Негизи “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене адатта президенттен баштап, министр, мэр, губернатор, аким сыяктуу – аткаруу бийлигинде кызматта турган адамга коюлат. Себеби, аларда ошол жерде кызматынан пайдаланып таасир этүүчү рычагы бар, чындап пайдалана алат. Анан депутатка бул берененин коюлуп жатканы таң калдырат. Айжигитовдун сүйлөшүү жолу менен аялын башка бир депутатка жардамчы кылып алганы моралдык жактан туура эмес аракеттир. Бирок бул даана “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” эмес. Себеби, ал төрага эмес, комитет же фракция башчысы эмес. Бир депутат экинчи депутатка кантип таасир эте алат? Анын аялын Жогорку Кеңештин кадр кызматы ишке алып, айлык төлөдү, кызматкер Эмгек кодексинин негизинде иштеди. Эгер жоопкерчиликке тартыла турган болсо анда ошол аппараттагылар тартылышы керек. Бирок анда деле “бир депутаттын аялын экинчи депутатка жардамчы кылып койгон” деп айып коюшабы? Ал да кызык. Ал эми Баткенде губернатор болуп турган маалда Айжигитовдун аялын мейманканага кызматка койгон иши боюнча бизге анын деталдары белгисиз. Менимче мында да губернатордун аялы түздөн-түз ага баш ийген кызматта болбосо, анда анда деле маселе жок. Калганы сотто териштирилер. Бирок канткен күндө да мына ушундай талаштуу айыптоо Султанбай Айжигитовго чек ара келишимин сындагандан кийин коюлганы суроолорду жаратпай койбойт. Ал активдүү депутат, Баткендин кулуну, тажрыйбалуу саясатчы катары гана өз пикирин айтып, коомчулук менен бөлүштү. Бийлик анын айтканын кабыл албаса жөн гана муну депутаттын пикири катары кабыл алып эле коюш керек эле”.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында 90 депутат болсо төрт жыл ичинде Айжигитовду кошкондо 22 депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. Алардын кээлерине кылмыш иши козголсо, айрымдары суракка чакырылгандан кийин депутаттыктан кеткен. Коомчулукта мыйзам чыгаруучулардын бир бөлүгү коррупцияга каршы күрөштүн эсебинен мандаты алынды деп бааланса, дагы бир бөлүгү аткаруу бийлигин сындагандан улам кетти деп кабыл алынып келет.

Султанбай Айжигитов кесиби боюнча инженер-механик, ал Ригадагы авиациялык институтту аяктаган. Кийин Киевде КГБнын жогорку курсун аяктап, 1987-1993-жылдары коопсуздук тармагында иштеген. 2000-жылдан тарта бир нече жыл Баткен облусунда ар кандай кызматтарда иштеп, эки жолу облустун губернатору болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңешке “Ыйман Нуру” партиясы менен шайланып келген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG