14-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта коло медал алды. Ал үчүнчү орун үчүн беттеште армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утту.
Эрназар Акматалиев 27 жашта. 2024-жылы Париж Олимпиадасына катышып, бирок байгеге илинбей калган.
Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси (2021-ж., 2022-жыл.). Быйыл март айында Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 70 килограмм салмакта Азиянын чемпиону болгон. Ага чейин Азия чемпионатынын күмүш байгесин алган (70 кг, 2022-жыл.) Жаштар арасында Азия чемпионатында да күмүш уткан (2018-жыл.) 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл.). Ibrahim Moustafa (2023), Bolat Turlykhanov Cup (2022) өңдүү бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.
Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу финалга чыкты. 15-сентябрда алтын үчүн түндүк кореялык Хан Чон-Сон менен күрөшөт. (BTo)