Орусиянын армиясы 15-сентябрга караган түнү Украинага үч ракета жана ар кандай типтеги 84 учкучсуз учак менен сокку урду.
Бул тууралуу Укрананын Аба күчтөрү билдирип, жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00гө карай абадан коргонуу системасы 59 дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Ракеталар менен 25 дрондун 13 локацияга тийгени аныкталганын кошумчалады.
Маалыматка караганда, орус армиясы Краматорскини бутага алган. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Александр Гончаренко калаанын борбордук бөлүгүнө үч авиабомба башталып, тогуз киши жараат алганын айтты.
14-сентябрдын кечинде Орусия Украинанын Сумы облусундагы Боромлянск кыштагынын четине ракеталык сокку урган. Сумы облусунун жетекчиси Олег Григоров орусиялыктар айыл чарба техникасы түшүм жыйнап жаткан талааны бутага алганын билдирген. Соккуда эгин жыйнап жаткан бир нече киши жараат алган. 11 адам ооруканага түшкөн, биринин абалы оор.
Орусия 15-сентябрга оогон түнү Запорожье районуна да сокку уруп, андан бир айыл жамааты жарыксыз калды, бир нече жер тамда өрт чыкты.