Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:41

Зеленский Орусиянын мунай жайларына соккуларды "натыйжалуу санкция" деп атады


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-сентябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда Орусиянын мунай, газ жайларын таамай бутага алган аскерлерге ыраазылык билдирди.

«Орусияга чынында олуттуу жоготууларды алып келип жаткан биздин жоокерлерге өзгөчө ыраазылык билдиргим келет. Согуштагы жоготуу, чек арадагы жоготуу. Биздин ыраактан урулган соккулардан улам Орусиянын ичиндеги жоготуулар. Натыйжалуу жана баарынан тез иштей турган санкциялар — бул Орусиянын мунай заводдоруна, алардын терминалдарына, мунай базаларына сокку уруу. Орусиянын мунай тармагын олуттуу чектөө согушту да олуттуу чектейт», — деди Зеленский.

Украинанын учкучсуз аппараттары 14-сентябрда Орусиянын Ленинград облусундагы ири Кириши мунай заводуна сокку урганда катуу өрт чыккан.


Шерине

XS
SM
MD
LG