Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

“Салих и Ко”: Мамлекет чоңдордун фирмаларына кепил болобу?


Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен анын иниси Батырбек Сыргабаев.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен анын иниси Батырбек Сыргабаев.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин бир тууган инисинин компаниясы балык чарба куруу үчүн мамлекеттин кепилдиги менен 5,3 млн доллар насыя алып жатат. Парламенттик комитет өкмөттүн ал тууралуу чечимине макулдук берди.

Айрым депутаттар бул көрүнүштү сынга алып, министрдин тууганынын компаниясына мамлекет кепил болуп чыгышынын себебин сурашууда.

Министрлер кабинети 13-августта “Салих и Ко” фирмасынын “Айыл Банктан” алып жаткан 5,3 млн доллардык жеңилдетилген насыясына кепил болуу жөнүндө тескемесин чыгарган. Ал чечимди 8-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды.

“Салих и Ко” насыяны эки бөлүк менен – 159 млндон ашуунун сом жана 3 млн 510 миң доллар түрүндө алып жатат. Алынган каражатка форел өстүрүү, осётр балык чарбасын куруу жана балыкты кайра иштетүү боюнча индустриалдык типтеги толук системалуу садок чарбасын курмакчы.

Мамлекеттик кепилдик жана компаниянын кимге таандык экендиги тууралуу депутат Дастан Бекешев менен баяндамачылардын ортосундагы диалог мындай болду:

“Жибек Курманбековна, “Салих и Ко” компаниясына биз жалпысынан канча суммага кепилдик беребиз?”

– Бул жерде экиге бөлүнүп атат, “А” продуктусун сом менен, “В” продуктусун доллар менен.

“5 млн доллар болуп чыгат, туурабы?”

– Жалпысынан ошондой болуп чыгып атат, ооба.

“А канча пайыз менен алып атышат алар?”.

“Айыл Банктын” өкүлү: - Саламатсызбы, Нуржан Муселенова, “Салих и Ко” бизден эки продукт менен алып атат. Сомду болсо КАПК продуктусу менен алып атат, 6% менен. Долларды болсо коммерциялык пайыз менен – 8% менен алып атат.

“Жакшы. “Салих и Ко” компаниясынын негиздөөчүсү ким? Фамилиясын айтып коёсуздарбы?”

- “Салих и Конун” жетекчиси мен Сыргабаев Батырбек Токтогулович.

“Аа, жакшы. А биздин транспорт министринин фамилиясы кандай? Толук аты-жөнү”.

- Сыргабаев Абсаттар Токтогулович.

“Аа, болду. Суроо жок”.

Бекешев бул маселени үч күндөн кийин, 11-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында да көтөрдү. Башкы прокурордун орун басарынан мындай жүрүм-турумду коррупциялык көрүнүш катары кароого чакырды.

“Эмне үчүн айрым чиновниктердин туугандары чоң суммага мамлекеттен кепилдик алууга катышып жатышат? Сиздин көз карашыңызда бул туурабы? Мына, транспорт министринин иниси мамлекеттен 5 млн долларга кепилдик алып атат. Мен түшүнүп атам – бул кепилдик. Кредит эмес. Бирок, ушундай арзан баа менен кредитти эч кимге – сизге, мага бербейт, көпчүлүк депутаттарга бербейт, жөнөкөй жаранга, жөнөкөй ишкерге бербейт”.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева буга окшогон жосундарды коррупциялык көрүнүштүн бир түрү катары сыпаттап, аны текшерип көрүүгө убада берди.

“Туура айтасыз, мамлекеттик кызматкерлер кепилдик алганга эч кандай укугу жок. Сиз туура белгиледиңиз, алар ар кандай насыя алып, төлөбөй калса жардам берем деген сөз. Биздин арабызда көп кезигип аткан “менин таанышымдын, кошунамдын ишине жардам бер” деген – бул дагы ошол коррупциялык көрүнүштүн бирден бир башталышы. Муну бир жактуу караганга деле болбойт. Сиз айткандын фактысын биз сөзсүз түрдө талдап, текшеребиз. Анан бирөөңөрдүн иниңер мурдатан бери эле жеке ишкер болсо, ал дагы өзүнүн ишин жүргүзүш керек. Бирок, мамлекеттик кызматка барганда мыйзам ошон үчүн атайын чектөөлөрдү коюп берет. “Эгерде ошого макул болсоң, мамлекеттик кызматка бар, макул эмес болсоң, анда жеке ишкерлик менен алектен” деген шарттар коюлат”.

Министрдин иниси долбоордон "кетти"

Талкуунун себепчиси болгон “Салих и Ко” фирмасы 2023-жылдын соңунда түзүлгөн. Аны транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин бир тууган иниси Батырбек Сыргабаев менен эт азыктарын чыгарган “Салих Лтд” компаниясынын ээси, ишкер Урмат Мусаев биргелешип ачкан. Андан бери өндүрүш же соода жагында чабыты арбып бараткан ишканадай деле көрүнбөйт. 2024-жылы казынага эч кандай киреше төккөн эмес болсо, 2025-жылдын июнь айында болгону 57 миң сомдук салык жана башка төлөмдөрдү жасаган.

Тарыхынын кыскалыгына жана супсактыгына карабай, министрдин инисинин фирмасы таң калыштуу жагдайда өкмөттүн терең ишенимине кирип, мамлекеттик банктын 5,3 млн долларлык насыясына кепилдик алууга жетишип отурат.

Юстиция министрлигинин реестринен маалым болгондой, компания 12-сентябрда кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүлөрү алмашты. Министрдин иниси Батырбек Сыргабаевдин ордуна Азизбек Отонбаев деген жаран кирген.

Муну транспорт министри Абсаттар Сыргабаев да "Азаттыкка" ырастап, иниси мындан ары бул компаниянын ишине аралашпай турганын айтты.

Батырбек Сыргабаев насыя алууга агасынын таасири болбогонун билдирүүдө. Ал үч күн мурда компаниянын түзүүчүлүгүнөн чыгып кеткенин айтып, долбоордун азыркы ээлери менен алакасы жоктугуна ишендиргенге аракет кылды.

"Биздин юристтер кийин карап чыгышты. Бизге мыйзам туура келбей калат экен. Биз мыйзамды жакшы билбей эле келип калган экенбиз, фирма түзүп катышып калган экенбиз. Мыйзам туура келбейт экен, ошонун негизинде чыгып кеттик. Мен азыр жокмун ал долбоордо. Үч күн болду, бардыгын кийинки негиздөөчүлөргө өткөрүп берип коюп, өзү каалоом менен чыгып кеттим".

-Ал насыяны алдыңыздарбы?

- Жок, азырынча бөлүнө элек?".

Бирин желкелеп, бирин бөпөлөп...

Сыргабаевдердин мамлекеттик кепилдик менен жеңилдетилген насыя алып жатканы сөз болгон ошол күнкү жыйында депутат Элвира Сурабалдиева акниет ишкерлерге басым-кысым көбөйүп жаткан маалда, таасирдүү адамдардын компаниялары мамлекеттен ар кандай жеңилдиктерди алып жатканын айтып чыкты. Ал буга чейин өкмөт аткаминерлерге байланыштуу ишканалардын төлөбөй келген салыктык ири карыздарын кечип койгонун белгиледи.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

“Азыркы жаш чиновниктер эскилерден да карышкыр болуп калышты. “Силердин маселеңер президенттин көзөмөлүндө, Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө” деп шылтап, ишкерлердин жети терисин сыйрып атышат азыр. Силер билбейсиздер, укпайсыздар мүмкүн. Мисалы, ошол Салык кызматы салык боюнча “списание” кылды, “12 млрд сомдук үмүтсүз карыздар” дейт. Ошол карыздын арасында эмне бар, урматтуу кесиптештер? Мамлекетти отуз жылда тоноп, “прихватизациялаган” фирмалардын жартысынын, чиновниктердин фирмаларынын карыздарын кечип коюшту. Аны ким текшерди, урматтуу өкмөт отурасыңар?”.

Министрлер кабинети 2024-жылы ипотекалык турак жайларды жана Бишкек менен Жалал-Абадда “Барса академиясын” куруп жаткан 18 курулуш компанияларын 2027-жылдын соңуна чейин кошумча нарк жана сатуу салыктарынан бошоткон чечимин чыгарган. Алардын көбү бийликтин жогорку тепкичтеринде иштеп жатышкан адамдарга байланыштуу жеке менчик компаниялар. Айрымдары буга чейин чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG