Илим министрлиги “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алгандар тууралуу комментарий берди. Министрликтин маалыматында бул долбоор экономика, илим, саламаттык сактоо жана мамлекеттик башкаруунун негизги тармактарына заманбап билимди жана инновацияларды киргизүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган.
Биринчи кабыл алуу 2022–2023-окуу жылында жүргүзүлгөн. Ар бир стипендиат президенттин фондунан жылына 50 миң долларга чейин каражат алат.
2025–2026-окуу жылына кабыл алууда https://umut.edu.gov.kg/ порталына жалпы 87 адам катталган. Алардын ичинен документтерин таптакыр жүктөбөгөн, билим берүү уюмунан кабыл алынганы тууралуу тастыктоосу жок, илимий-изилдөө иштерине тиешелүү документтери жок 48 арыз кабыл алынган эмес.
87 талапкердин ичинен республикалык комиссиянын кароосуна 39 арыз жөнөтүлүп, анын 30у канааттандырылды. Тогуз арыз четке кагылган. (Стипендия алгандардын тизмеси)
Жакында эле Жылдыз Арыстанбекова АКШдагы Гарвард университетине окуу үчүн “Эл үмүтү” стипендиясына тапшырып өтпөй калганын билдирип, тандоо канчалык калыс өтүп жатканы тууралуу суроо узаткан. Анын Фейсбуктагы баракчасына жазган постту талкууланып жатат.
“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.
Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.
Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.
Кыргызстандык эгемендик тарыхында студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда “XXI кылымдын кадрлары” деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер чет өлкөдө университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу.
Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (BTo)