Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутпоого үндөдү

Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Катардын борбору Доха шаарына урган ракеталык чабуул жана Газа секторундагы абал тууралуу комментарий берди. Жапаров 15-сентябрда Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышында сүйлөп жатып, Дохада бул маселе боюнча араб-ислам саммити өтүп жатканын билдирди.

“Кыргыз эли катарлык жана палестиналык бир туугандарга тилектештигин билдирет. Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы турууну жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды мындан ары курчуткан бардык аракеттерден алыс болууну жактай тургандыгын белгилейм”, - деди президент Жапаров.

9-сентябрда Израил Катардын борбору Дохадагы имараттарга ракета менен сокку урган. Мындай аракетти Израил ХАМАС уюмунун жетекчилерине "багытталган сокку" деп атаган. Катар расмий Тель-Авивдин кадамын “мамлекеттик терроризм” деп атады.

11-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши, бир катар өлкө жетекчилери Дохадагы аба соккуларын айыптаган. Кыргызстандын бийлиги да өткөн аптадагы чабуулдарды айыптап, бул аракеттер "эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин бузат, Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине шек келтирет" деп билдирген.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге кол салуудан соң 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Алардын 140дан ашууну бошотулган. Бул окуядан кийин Израил Газада ХАМАСтын таасиринен тазалоону максат кылып, аскердик операцияларды жүргүзүп, абадан, жерден сокку уруп келет. Чабуулдардан улам Газада гуманитардык абал кыйындап, миңдеген адам үй-жайсыз калды. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 64 миңден ашуун киши каза тапканын өткөн жекшембиде маалымдады.

ХАМАСты АКШ жана Европа Биримдиги террорчул уюм деп жарыялаган. (BTo)

Дагы караңыз

БШК элге шайлоо мыйзамы боюнча маалымат берүү керектигин билдирдиИлим министрлиги “Эл үмүтү” стипендиясы тууралуу маалымат бердиОрусиянын Краматорск шаарына соккусунда тогуз киши жараат алды Непалда жаңы өкмөттү шайлоо 5-мартта өтүшү мүмкүн Ак-Бешимдеги окуя: кылмыш болгон үй-бүлөдөгү балдардын коопсуздугу текшерилдиМинистр Кулубаев ИКУнун Газадагы абалды талкуулаган жыйынына катыштыУКМКнын мурдагы кызматкери пара иши боюнча кармалды