Шейшемби күнү түштөн кийин Катардын борбор шаарында жарылуулардын добушу жаңырган.
Көп узабай Израилдин куралдуу күчтөрү ХАМАС радикал тобунун Дохадагы баш кеңсесин бутага алганын маалымдады. Ошол маалда АКШ жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган уюмдун жетекчилери Вашингтондун Газадагы согушту токтотуу планын талкуулаганы чогулган.
ХАМАС чабуулдан алты киши набыт болгонун, жетекчиликтин мүчөлөрү аман калганын билдирди.
8-сентябрда Израилдин коргоо министри Исраэл Кац дээрлик эки жылдан бери барымтада кармалып келаткан адамдар бошотулуп, согушкерлер куралдан баш тартпаса, радикал топтун чет жактарда жашаган лидерлери жок кылынарын, Газа талкаланарын эскерткен.
АКШнын коопсуздук чөйрөсүндөгү өнөктөшү болгон Катарда Жакынкы Чыгыштагы эң ири америкалык база жайгашкан. Өлкө Египет менен бирге Газа тилкесиндеги согушту токотууга арачылык кылып келатат.
Эмирликтин премьер-министри шейх Мохаммед ал Тани соккуну эл аралык мыйзамдарды одоно бузган аракет деп айыптады:
"Израилдин Катар жергесине жасаган кол салуусун Израилдин премьери Нетаньяху ишке ашырган мамлекеттик терроризм деп гана атаса болот. Ал регионалдык коопсуздукка жана стабилдүүлүкө залака келтирүүгө аракеттенип, ошол багытта саясат жүргүзүүдө".
Ошол эле маалда ал Тани өлкө ортомчулук миссиясынан баш тартпай турганын кошумчалады.
Анын айтымында, АКШнын расмий өкүлдөрү сокку уруларын чабуул башталгандан кийин эскертишти.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт президент Дональд Трамп Израилдин ХАМАСтын Катардын аймагындагы саясий лидерлерин бутага алуу чечимин колдобогонун билдирди:
"Суверендүү мамлекетти, биз менен чогуу тынчтык орнотуу үчүн тобокелдиктерге барып жаткан, бул жаатта талыкпай аракеттенген, АКШнын жакын союздашы болгон Катарды бир тараптуу бомбалоо Израилдин же Американын максаттарына жетүүгө өбөлгө түзбөйт. Бирок Газа элинин азап чегүүлөрүнөн пайда таап жаткан ХАМАСты жок кылуу - татыктуу бута деп эсептейбиз".
Левитт Трамп атайын чабарман Стив Уиткоффко Катарга даярдалып жаткан чабуул тууралуу дароо кабардар кылуу тапшырмасын бергенин белгиледи.
Жоочулар барымтага алган израилдиктердин жакындары Дохага урулган соккуга байланыштуу нааразылыгын билдиришти.
Матан Зангаукердин энеси Эйнав Зангаукер Нетаньяху уулунун өмүрү тобокелдикке кептегенин айтып, барымтадагалырды бошотуу келишимин түзүүгө, Газадагы согушту токтотууга үндөдү:
“Коркконуман титиреп жатам. Премьер-министр Нетаньяху дал ушул учурда уулум Матанды өлүм жазасына өкүм кылган болушу мүмкүн. Эмне үчүн премьер келишимге жетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарууга аракет көрүп келатат? Матандын өмүрү 22 айдан бери кылдын учунда турат. Израилдин эли бул согуштан чарчады, жетет".
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери эгемен мамлекетке урулган соккуну айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дохагачабуул эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын принциптерин бузарын жана Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө шек келтирерин баса белгиледи.
Ал арада 10-сентябрда Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Газадагы согуштан улам Израил менен соода алакасын жарым-жартылай токтотуп, санкция киргизүү маселесин сунуштарын билдирди.
Шерине