Бишкекке Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Рахим Ага-Хан V сапар менен келди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Ага-Хан үй-бүлөсүнүн бир топ өкүлдөрүнөн турган делегация менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолукту. Анда тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы маселелерди талкуулашкан.
Ошондой эле бул сапардын алкагында Ага-Хандын архитектура боюнча сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Үч жылда бир тапшырылчу сыйлыктын байге фонду 1 миллион долларды түзөт.
Канзаада Рахим Ага-Хан V мусулман исмаилиттердин имамы катары Кыргызстанга биринчи жолу келди. Быйыл февралда анын атасы Карим Ага-Хан каза болгон соң ордун уулу Рахим ээлеген.
Ага Хан фонду Кыргызстанда 2002-жылдан бери ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.
Нарын облусунда фонддун Борбор Азия университети бар.