АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү менен мамилеси чыңалып турган чакта Израилге барды. Жолго чыгаар алдында ал: "Президент Трамп Израилдин Дохадагы чабуулуна нааразы, бирок Америка Израилди колдоосун уланта берет", - деп билдирди. Ал жекшембиде Израилдеги сапары маалында ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн тагдыры жана Катардагы чабуул тууралуу суроолорго жооп алышы керектигин белгиледи.
Дем алыш күндөрү Израил Газа шаарындагы бир нече көп кабаттуу имаратты бомбалады. Анын астында ал райондун тургундарына башка жактарга чыгып кетүү тууралуу эскертүү берилген. Палестина бийлиги ал жердеги кабарчыларга кеминде 30 көп кабаттуу имарат бомбаланганын, он миңдеген тургундар Газа тилкесинин түштүк тарабындагы шаар-кыштактарга кетип жатканын билдирди.
Израил өкмөтү ушул аптада Газа шаарында аскерлерин киргизип, жашоочуларды толугу менен эвакуациялоо планын талкуулай турганын Тель-Авивдин бир нече өкүлү CNN телеканалына ырасташты. Улуттар уюму Газа тилкесиндеги өзүнүн кеңселери талкаланып жабыр тартканын, ушу тапта 200 миңден ашуун палестин калкы баш калкалаганга жай, чукул тамак-аш, дары-дармекке муктаж экенин маалымдады.
Шерине