Америкалык аскерлер Беларуста «Запад-2025» машыгуусун көрүп кетти. БЕЛТА агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берип кабарлагандай, министр Виктор Хренин полигондо АКШнын аскердик атташеси менен учурашты. Хренин элчиликтин өкүлүнө чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын айтты. Агенттик министр америкалык аскерлерге «алар кызыккан нерселердин бардыгын көрсөтүүгө буйрук бергенин» жазды.
Рейтер муну Вашингтон менен Минскинин мамилелеринин жакшырышынын белгиси деп чечмелейт.
Орусия менен Беларус армияларынын биргелешкен «Запад-2025» машыгуусу өткөн жума күнү эки өлкөнүн тең полигондорунда башталып 16-сентябрда аяктамакчы. Бул иш чаранын алдында Польша өз мейкиндигин бузган орусиялык дрондорду атып түшүргөнүн билдирген.
БЕЛТА кабарлагандай, машыгууга НАТОнун Түркия жана Венгрия өңдүү мүчөлөрү да байкоо салууда.
2022-жылдын февралында Москванын жакын санаалашы болгон Беларус өз аймагынан Украинага он миңдеген аскерди жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Өткөн аптада Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко Минскиде Вашингтондун өкүлү Жон Коул менен кездешкенден кийин 52 саясий туткун абактан бошотулганы жана “Белавия” компаниясына салынган санкциялар алынганы жарыяланган.