АКШ менен Кытай TikTok боюнча алдын ала макулдашууга келди

Иллюстрация

Кошмо Штаттар менен Кытай Мадриддеги сүйлөшүүлөрдө TikTok социалдык тармагынын АКШда иш алып баруусуна шарт түзгөн келишимге жетишти. Бул тууралуу тараптардын өз ара соодасы талкууланган кездешүүдөн кийин америкалык финансы министри Скотт Бессент билдирди. Сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун АКШнын президенти Дональд Трамп жазып, бирок TikTokту сөз кылган жок.

Бессент Рейтер жана Bloomberg агенттиктерине берген интервьюда белгилегендей, макулдашуунун шарттары үстүнөн иш уланууда. Министр документте АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктары эске алынууга тийиш, сөз болгон социалдык түйүн “кытайлык мүнөзүн” сактап калат деп кошумчалады.

Беcсенттин айтымында, өзгөчө жаштар арасында популярдуу болгон платформага тыюу салуу коркунучунан улам Кытай тарап сөзгө келүүгө аргасыз болду.

Мунун алдында Трамп “биздин өлкөнүн жаштары куткарып калууну абдан каалаган бир компанияны” сатуу тууралуу Кытай менен макулдашылганын Truth Social сайтына жазган. Сыягы кеп кытайлык ByteDance компаниясына таандык TikTok түйүнүнүн америкалык бөлүмү тууралуу жүрүүдө.

АКШнын Конгресси мурунку администрация учурунда ByteDance компаниясын ал бөлүмдү сатууга милдеттендирген, же болбосо платформа бөгөттөлөрүн эскерткен. Мындай чечимге улуттук коопсуздук кызыкчылыктары жүйө болгону маалымдалган.

Маалыматтарга караганда, 19-сентябрда Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен телефон сүйлөшүүсүн өткөргөндөн кийин жогоруда айтылган макулдушуунун чоо-жайы белгилүү болору күтүлүүдө.

Дагы караңыз

Атамбаев Кой-Таштагы үйүн кантип салган?"Жакындарын сагынып, кусага батканын айтып жүргөн". Ак-Бешимдеги эки бала бычакталган окуянын чоо-жайы"Жарым саатта чыгып кеткиле деп эскертти". Израил армиясы Газа шаарын бомбалоону күчөттү