15-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алды.
Ал 57 кг салмакта алтын үчүн түндүк кореялык Хан Чон-Сон менен күрөшүп, 9:12 эсебинде утулуп калды.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча тарыхында Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында финалга чыккан экинчи спортчу болду.
2021-жылы Эрназар Акматалиев да финалга чыгып, күмүш медал тагынган. Ал бул ирет 70 кг салмакта коло байге жеңди.