Улуттук банк валюта базарына 81 млн 500 миң доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 15-сентябрда валюта базарына 81 млн 500 миң доллар сатты жана бул жыл башынан берки төртүнчү интервенция болуп калды.

Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 26-майда интервенция жасап, 59,8 млн доллар саткан.

Улуттук банк былтыр валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан Палестин мамлекетин түзүүнү колдой турганын кайталадыШаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алындыЖКда өзүн-өзү таркатуу боюнча 30дан ашык депутаттан кол чогултулдуДүйнө чемпионатында Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алдыАКШ менен Кытай TikTok боюнча алдын ала макулдашууга келдиСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутпоого үндөдү