Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Дүйнө чемпионатында Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алды


Бекзат Алмаз уулу Париж олимпиадасында, 8-август, 2024-жыл
Бекзат Алмаз уулу Париж олимпиадасында, 8-август, 2024-жыл

15-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алды.

Ал 57 кг салмакта алтын үчүн түндүк кореялык Хан Чон-Сон менен күрөшүп, 9:12 эсебинде утулуп калды.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча тарыхында Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында финалга чыккан экинчи спортчу болду.

2021-жылы Эрназар Акматалиев да финалга чыгып, күмүш медал тагынган. Ал бул ирет 70 кг салмакта коло байге жеңди.

Шерине

XS
SM
MD
LG